Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балык мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Балык мырзалар

Бул зодиак белгисинде төрөлгөн мырзалар бул жашоодо болгон куч-кубатын жумшап баарына жетиши мүмкүн, же эч нерсеге жетпей калышы мүмкүн. Буларга кандайдыр бир олуттуу маселелерде өзүнө ишенимдүү жана чечкиндүү болууну үйрөнүү зарыл, ошондой эле кыялдар менен жашоо өткөрбөй, такталган бир максатты алдыга коюп, ал максатка умтулуу керек. Булар дээрлик ийгиликтүү адам болууга мүмкүндүгү жетет, бирок эгер өз тагдырына маани берип, келечектеги өз жашоосуна таасирин тийгизип, ийгиликсиздикти алып келүүчү кырдаалдардан качпай аларды чече билсе.



Ооба, бардык Балык-мырзалар эле кыялкеч боло бербейт, бирок айтып коюуу керек, көбүнчөсү дал ошондой. Балык-мырзалар жумушта ийгиликке, коомдо таанылууга жете алат. Бирок мунун баары, эгер Балыктар агымга тууралашып алса гана, ийгиликтер булар тарапка агып келет. Булардын курч акылы жана интуициясы шексиз буларды бул жашоодо туура агым менен сүзүп жүргөн, ийгиликтүү адамга айландыра алат. Жана көп учурда, эгер Балык-мырзалар өзүлөрүнө эч кандай агымды тандабай, жон эле образдуу айтканда "суу түбүндө" болсо да, мындай абал буларды жадатпайт. Мындай учурда булар өз жашоосун дээрлик жаман эмес деген ойдо өткөрөт, бирок бул ою эгер булар үй-бүлөөлүк жашоого өзүн туураласа, анда ал кырдаал буларга тиешеси жок болот. Жана бул учурда бул кыялкечтерге аялын багуу, балдарын бутуна тургузуу деген сыяктуу тиричиликтин реалдуу жактарын ойлонуштуруу керек. Бул зодиак белгисинде төрөлгөн мырзалардын баарысы чыныгы романтик болушат. Булар сөзмө-сөз романтикалык ойлору менен өзүнүн ойлоп чыгарган дүнүйөсүндө дем алат. Бул албетте жакшы, бирок аны менен үй-бүлоонү багууга болбойт.



Эгер Балык-мырзалар туура агымды тандап, эптүүлүк менен ал агымда сүзүп жүрсө, анда ал агымда чыгып калуучу майда жана чоң таштардан быйтаганды да үйрөнөт. Мындай мырзалар ийгиликке умтулуп, акыр-аягы аны табат.



Типтүү балыктар жай жана шашпай сүйлөп, башкалардын ишине мурдун салбайт. Мындай адамдарга ишенип, өз сырларыңарды айтсанар болот. Анткени, мындай мырзалар адамдарды уга билип, дайыма досторунун жана биртуугандарынын жолу болбой калган окуяларын жана ички санааларын угат. Булар губка сымал баардыгын өзүнө сиңирип алат, а бул өз убагында булардын психикасына жана эмоционалдуу абалына таасирин тийгизет. Бул мырзалар өзүнүн санаасы менен бөлүшкөн айланасындагы адамдардын кырсык жана жаман окуяларын жүрөгүнө жакын кабыл алат. Бул мырзалар бирге санаа тартканды жана санаалаш болгонду билет.



Балык-мырзалар кээде жан-дүйнөлүк тынчтыкта болуу үчүн жана гармониялык тенсалмактуулукту сактоо максатында өзүнө бекинип алышы мүмкүн. Мындай учурда булар көп сүйлөбөй пассивдүү болот. Бул мырзалардын өмүрлүк жарына өз мырзасы үчүн өзү менен өзү боло турган приваттык территория бөлүп берип, алардын натурасын түшүнүп, аны бузбоого аракет кылуусу абзель.



Балык-мырзалар кээде саналуу секундаларда күйүп, өзүнүн тенсалмактуулугун жоготуп коюшу мүмкүн. Бирок ошону менен бирге булар өзүнө келип, жан-дүйнөлүк гармонияга ээ болуп тез эле сууп калат. Булар бироого сейрек таарынат, ошондой эле башка адамдардан сейрек катачылык кетирет, анткени, булар адамдарды ичи-тышынан бери көрө алат.



Балык-мырзалар өтө берилген кызганууларга ийимдүүлүгү менен айырмаланбайт. Эгер жан-дүйнөсүнүн тереңинде кызганса да, эч качан адамдардын көзүнчө аны көрсөтпөйт жана эч нерсени байкабай жаткандай болуп алат. Булардын бай келген ой-жүгүртүүсү өзүлөрүн бир секундага да тынч койбойт, жана ал ой-жүгүртүүлөрдүн жемишин өзүндө бекем кулпудай сактап, чоочун адамдарга эч качан айтпайт.



Ал эми эн башкысы, Балык-мырзалардын өмүрлүк жарына билип алуу керек, булардын кыялдарына эч качан каршылык жаратпоо зарыл. Тескерисинче, мындай мырзалар менен тагдырын байлаган айымдар издеген кыялдарын колдоп, ага жардам берүү керек.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 3242, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо