Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балыктар жана букачарлар

Бул жөн эле сүйүү болбостон, кармалык байланыш болот. Балыктар менен болгон мамиле олуттуу жана терең, силер бир тилде сүйлөшүп, көп учурда бири-бириңерди сөзү жок эле түшүнөсүңөр. Бирок, окуяларга баа берүүлөр жана реакциялар ар башка.



Бир жагынан, Букачарга мындай мамилелер, өнүгүүсүнө жардам берет, Балыктардын жардамы аркылуу Букачарлар өзүлөрү үчүн анын мистикалык сезимталдуу түгөйү жашаган, сырдуу жаны дүйнөнү ачат. Экинчи жагынан Балыктарга көп учурда Букачарлардын материалдуулугу үчүн өзүлөрүнүн мүдөөлүк умтулууларына бөгөт коюууга туура келет.



Бул мамилелерде сезимдердин экзальтивациялангандыгы жок, бирок алардын жоктугуна да арыздануу болбойт. Жайлуу бирок ашыкча романтикасыз, оор сүйүү. Балыктарга бирок аларды бироолор сүйүп, алаксытып, ишенип жана аларга тамак жасап турган киши ушунча зарыл! А бул Букачарлардын башкы наркы да.



Түгөйлөр бири-биринин мүдөөлүк өсүүгө умтулууларын албетте колдойт, бирок материалдык жаатта уруштар сөзсүз болот.



Сараныраак болгон Букачарлар Балыктардын акчага болгон такталган мамилесине чыдабай кетиши мүмкүн. Бирок Балыктардын чыгармачыл генийи көптөгөн идея жана кыялдарды генерациялайт, жана бул кыялдарды чындыгында Букачарлар гана баалап жана ишке ашыра алат.



Букачарлар бул никенин таянычы болот, бирок Балыктар ага ар түрдүүлүктү киргизет. Жалпысынан, бул психологиялык жана мүдөөлүк жакын адамдардын шериктештиги. Түгөйлөргө жалпы кызыгуулар жана максаттарга, жана ага жетүү үчүн биргелешкен ишке көңүлүн буруу зарыл. Эн башкысы, биринчиликтерди туура аныктап алуу зарыл, ошондо эки жактын курмандыктары жеңил болот.



Бул мамилелерди бекемдөөнүн дагы бир аспекти бул физикалык жакындык. Интимдүү жагы булардын экөөнө тең жагат, Балыктар өзүнүн сезимталдуулугу менен Букачарларга эмне керек экендигин жакшы билишет. Букачарлар Балыктардан алганын баалап, өз ара жактыруучулук менен жооп кайтарат. Булар абдан сезимталдуу жана романтикалуу, бирок, кээде, ашыкча шашпайт. Булардын экөө тең сезимдердин бүт жарым тондорун жана оттенкаларын айырмалай билүү мүмкүндүгүнө ээ, ошондуктан бул жаатта булардын ортосунда толук гармония.



Өз ара түшүнбөстүктөрдүн себеби Балыктардын ашыкча сырдуулугу болушу мүмкүн, а бул өнөктөшүнүн шек саноосун чакырып, акырында Букачардын кызганычына алып келет. Мындай сырдуулук үчүн Букачарлар тыштан байланыш табып алуусу мүмкүн. А бул никенин кыйрашына алып келет.



Бирок эгер Балыктар Букачарлар үчүн ишенимдүүлүк, бекемдик жана чынчылдык маанилүү экенин унутпаса, ал эми Букачарлар Балыктардын кээде жалгыз болуу муктаждыгын түшүнсө, анда булардын убакыт менен текшерилген чыныгы достук байланышы, жон эле сүйүүдөн да чоң сезимдерди алып келет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 693, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо