Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балыктар жана чаян

Баш барак | Гороскоп | Балыктар жана чаян

Мындай биримдик, бекемдиги жана туруктуулугу, берилгендиги жана ишенимдүүлүгү, коопсуздугу жана ишеничтүүлүгү менен айырмаланат. Бул мамилелер "ажал ажыратмайынча" сакталат.



Булар үй-бүлөөнүн жылуу коломтосун чын дили менен кымбаттайт, ошондуктан өз ара жол берүүлөргө да бара алышат. Балыктарга камкордук, кароо жана дээрлик океандай сезимдер талап кылынат, жана бул талаптарды Чаяндар ниети менен өз мойнуна кабыл алат. Булар өз ара үй-бүлөөлүк биримдиги менен бирей ыраазы. Балыктар өзүлөрүнүн көптөгөн коркунучтарын бойдок жашоосунда калтырат, анткени Чаяндар Балыктарды акыркы демине чейин коргойт. Бул экөөнүн ортосунда акча жаатында түшүнбөстүктөр пайда болушу мүмкүн, анткени булардын экөө тең жоомарт келип, Балыктар адамдарды ажырата билбей, ашыкча боорукер болот, ал эми Чаяндар болсо, татыктуулар (жакын достору жана үй-бүлөөсү) менен гана бөлүшөт. Ошондой эле Чаяндарды Балыктардын зээриктирме кыйкымчылдыгы да кыжырлантат.



Көп учурда мындай никеде унчукпаган жана толук өз ара түшүнүүлөр болот, ал гана эмес бул түшүнүүлөр телепатия деңгээлине да жетиши мүмкүн.



Көбүнчө бул биримдиктин "локомотивинин" ролун Чаяндар өз мойнуна алат, ал эми Балыктар болсо мындай кайнаган мүнөздөн жабыркашы мүмкүн. Мындай мамиледе, өз ара бирдей болгон, өткөн чакка байлангандуулук күчтүү. Ошондуктан, түгөйлөр бул нерсени эске алып, таарынычтарга көңүл бурууну азайтуу керек. Ушундай жол менен бул түгөйлөр каалаган тоскоолдуктарды жеңе алат.



Ошондой эле буларды бийик деңгээлдеги интуиция жана сезимталдуулук бириктирип турат, жана бул никеде физикалык түзүүчүсү да күчтүү болот. Бул адамдарды жалпы адаттары, кызыгуулары, достору жана жашоого болгон көз караштары биртуугандай жакындадат. Булар бири-бирин ийгиликтерин колдоп, өз ара бирдей жардамга ишене алат. Булар прагматикалуу жана романтикалуу да болот.



Чаяндарда материализм көбүрөөк болуп, үй-бүлөө башчысы болуусу абзель. Анткени, мындай никеде эмоционалдуу түпкүрдү түзүүчү суу белгисинин адамдары ансыз деле жетиштүү. Никеде сүйүүдөн башкасынын баарын, жүйөлүү жана логикалуу кылуу зарыл. Анткени, сүйүү иррационалдуу.



Физикалык жакындашуудагы биригүү жана экстаз сезимдери Балык менен Чаяндарды бир бүтүндөй кылат. Эч качан жана эч ким менен булар мындайды башынан өткөргөн эмес, жана бул бир болууга олуттуу себеп болот.



Эгер Чаяндар Балыктардан кечирүүнү үйрөнсө, ал эми Балыктар бороон чапкындын түбөлүк боло бербей, акыр-аягы ал сөзсүз тынч абалга келээрин түшүнсө эң жакшы болмок.



Бул түгөйдүн негизги тоскоолдуктары аларды өз үйүндө күтөт. Анткени бул маселеде, булардын көз караштары ар тараптуу. Чаяндар жол берүүгө аракет кылсын. Булар канчалык үйүнө аз көңул буруп, тиричиликке аз чөмүлсө, ошончолук булардын ортосундагы сүйүүсү күчтүү болот. Ал эми тескерисинче болуп калса, анда бул алардын никесин башкаларга салыштырмалуу тез арада кыйратат, ал эми биринчи айтып өткөндөй болсо, сезимдер, чыгармачылыктар жана...наристелер да көп болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1274, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо