Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баобаб

Баш барак | Ботаника | Баобаб

Баобаб (латынча Adansonia digitata) — Тропикалык Африка жана Австралиянын кургак саванналарына мүнөздүү Мальволук (Malvaceae) түркүмүнүн Адансония тукумундагы дарак түрү. Дүйнөдөгү эң жоон дарактардын бири.

Баобаб
Баобаб
Илимий классификациясы
Домен: Эукариоттор
Падышалык: Өсүмдүктөр
Ирет: Мальво гүлдүүлөр
Түркүм: Мальволуктар
Тукум: Адансония
Түр: Баобаб
Эл аралык илимий аталышы
Adansonia digitata (Карл Линней), 1753
ITIS: 21591
NCBI: 69109
EOL: 584789
GRIN: t:1433
IPNI: 558628-1
POWO: 558628-1
WFO: 0000519672

Бул тукумга Адансония аталышы Линней тарабынан Африканын француз ботаниги жана изилдөөчүсү Мишель Адансондун (1727—1806) урматынан аталган. «Digitata» түрдүк аталышы жалбырактарынын формасына таандык — алар баобда 5—7 салаалуу.

Африкалык баобабдан тышкары адансония тукуму өзүнө дагы жети дарак түрүн камтыйт, алардын алтоо (анын ичинде өзүнүн көрүнүшү менен белгилүү болгон Адансония Грандидье) Мадагаскар аралында гана жайылган, ал эми жетинчиси — Австралияда өсөт.

Бул дарак 4-5 миң жыл жашаганына карабастан анча бийик өспөйт, бийиктиги — 18—25 м. Бирок, анын жоондугу таң каларлык: сөңгөгүнүн жоондугу 8 метрге чейин жетет! Тоодой баобабдан, томуктай отун чыкпайт, — дейт африкалыктар. Бул кандай? Мындай зор жыгачтан көп отун даярдоого болотко! Бирок, ал отундан пайда жок, анткени баобаб жыгачы күйбөйт. Анын башка өзгөчөлүктөрү да бар. Мисалы, баобабдын жалбырагы кышында эмес, жайында түшөт.

Баобаб өскөн Африкада жай өтө ысык болот. Ал эми жалбырактар нымды бууландырат. Ошондуктан баобаб нымдан көп ажырабоо үчүн ысык кезде түшүрөт. Ал эми жаан-чачын маалы башталуучу кыш мезгилинде кайрадан жалбырак жамынып, жазылыгы 20 смге чейин жетүүчү ири, ак гүлдөрү ачылат. Баобабдын мөмөсү сүйрү келип, жумшак бөлүгү ширелүү, даамдуу, аны жесе болот.

Колдонулушу

Баобабдын дээрлик бардык жери (отунтан тышкары) колдонулат. Кабыгынан катуу, бекем була жасалып, андан балык улоочу торлор, жип-аркандар, кездемелер жасалат. Кабыгынын күлүнөн суук тийүүгө, температурага, дизентерияга, жүрөк-кан-тамыр ооруларына, астма, тиш оору, курт-кумурскалардын чагуусуна каршы жетишээрлик эффективдүү дары каражаты алынат.

Жаш жалбырактарын салаттарга кошуп, кургактарын татымал катары пайдаланат. Нигерияда жалбырагынан шорпо кайнатат. Жаш бутактарын спаржа катары бышырышат.

Гүлүнүн чаңчасы клей даярдоо үчүн пайдаланылат.

Мөмөлөрүнүн жаңы этинин (орусча мякоть) даамы имбирди элестетип, C жана B витаминдерине бай, ал эми сиңимдүүлүгү боюнча жаш музоо эти менен салыштырышат. Организмге тез сиңип, чарчоону жоготот. Ошондой эле, мөмө этин кургатып, күкүм кылып майдалап, аны сууга кошуп ичишет, даамы лимонадды элестетип калат. Ушундан улам баобдын «лимонад дарагы» аттуу аталышы келип чыккан.

Мөмөсүнүн уругун чийки бойдон жесе болот, ал эми куйкаланган жана майдаланганынан кофенин алмаштыргычын кайнатышат.

Мөмөсүнүн кургатылган кабыгын чөйчөк катары колдонушат. Мөмөнүн ичиндеги кургатылган бөлүкчөлөрүн күйгүзгөндөгү түтүн чиркейлерди жана башка тажатма курт-кумурскаларды кууйт.

Күйгүзүлгөн мөмөсүнүн күлүнөн самын жасайт, ал эми бышкан мөмөсүнөн тамак-аш майы алынат. Мөмөсүнүн күкүмүнөн Чыгыш Африка аялдары баштарын жуушат, ал эми тамырындагы кызыл ширеси менен жүздөрүн боёшот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 958, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо