Барак Хусейн Обама

Барак Хусейн Обама (1961-жылдын Баш оона айынын 4 туулган) - Америка Кошмо Штаттардын мамлекет башчысы. Президент болуп шайланганга чейин Иллинойс штатынын сенатору болчу. 2008-жылдын Жетинин айынында өткөрүлгөн 2008 АКШ президент шайлоосунда АКШнын 44-мамлекет башчысы шайланып жана 2009-жылдын үчтүн айынын 20 бул кызматты Жорж У. Буштан кабыл алган. АКШнын тарызында туңгуч афро-америкалык мамлекет башчысы.

АКШнын Гаваи штатындагы Гонолулу калаасында Капуалани медицина борборунда жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн бир аттын ээси атасы Кениянын Сиая бөлүмүндөгү Няңъома Когело кыштагында туулуп өскөн. Апасы Эн Дурхам болсо Канзас штатында Уичита калаасында туулуп өскөн. Обаманын ата-энеси, атасы Гаваиге окуганы келгенде таанышып баш кошушкан. Бирок Обама 2 жашка толгондо ажырашып кетишке. Атасы Бостонго барып Гарвард Университетинде доктордук даражасын алып 1965-жылда Кенияга кайткан. Апасы болсо Индонезиялык Лоло Соэтрого күйөгө 2-чи жолу чыккан. Обаманын атасы менен өгөй атасы мусулман тектүү үй-бүлөлөрдөн чыккан бирок өтө динчил эмес кишилер болгон.

Индонезияда Обама 6-10 жаштарында Жакартада башталгыч билим алган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)