Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Барон Мюнхгаузен

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Барон Мюнхгаузен

Мындан эки жүз жыл мурун Германияда барон Мюнхгаузен жашаптыр. Башына упаланган жасалма чач кийип, сылаңкороздоно кийинип жүрчү экен. Күн сайын кечкурун достору менен коңшулары ысык каминдин (алды ачык таш кемеге) жанына отуруп, меймандос үй ээсинин кызыктуу аңгемесин угушкан. Бир кезде ал кайраттуу жоокер болуп, көп жерлерге саякатка барган. Жаш кезинде не бир укмуштуу окуяларды башынан өткөрүптүр. Ошолорду эскерип, угуучуларды кыраан-каткы күлдүрөт. Барон бир күнү аң уулап жүрүп бугуну чиенин данеги менен атат (себеби огу түгөнүп калган). Арадан бир жыл өткөндө Мюнхгаузен алиги бугуну кайрадан жолуктурат. Караса маңдайында жашыл дарак өсүп, мөмөсү бышып турган экен.

Бул жолу анчы бугунун этин кууруп жеп, чиеден компот кайнатып ичет. Мындай дагы бир окуя болуптур: Мюнхгаузенге кутурган ит асылат. Ал ошондо зылдай оор тонун чечип ыргытып жиберсе, арылдаган ит тонду талайт. Тон болсо жаалданып ээ-жаа бербей барондун өзүнө жармашып, бүт кийимин, жаңы аскер мундирин тытмалайт. Ошондо барон тонду атып таштоого аргасыз болот. Мюнхгаузен тирүү карышкырдын терисин тескери сыйырганын, замбиректин огуна минип асманга учканын, буурчактын сабагы менен айга чыкканын досторуна келиштирип айтып берчү экен.

Ал эми бир жолу Мюнхгаузен сазга батып баратканда өзүн өзү чачынан кармап көтөрүп, саздан сууруп чыккан экен. Барондун башынан өткөн түрлүү кызык окуялар жөнүндөгү китепти немец жазуучусу Э. Распе жазган. Кээ бир окумуштуулар Мюнхгаузен чын эле болгон адам деп эсептешет... Башкалары Распе мактанчаак адам жөнүндө калк арасына кеңири тараган күлкүлүү аңгемелерди чогулткан, ал эми аңгемечи Мюнхгаузенди ойдон чыгарган дешет. Мюнхгаузендин адам таң каларлык укмуштуу эрдиктерин бүткүл дүйнө жүзүнүн балдары билет. Өтө кызыктуу аңгемелерди ойлоп чыгарган Мюнхгаузен өзүн мен дүйнөдөгү эң чынчыл адаммын деп ишендириптир.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 746, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу