Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Барсбек кошогу

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Барсбек кошогу
VIII-кылымда Барсбектин азасына жазылган "Алтын-Кол таш жазууларындагы" Миң-Өзөндө (Хакасияда) табылган ташка чегилген кошоктон:

“Он ай боюна көтөргөн эле мени энем!
Элиме мени тууп берген эле энем.
Жериме мен эрдигим менен бек болдум.
Сансыз жоо менен салгылаштым,
эми элимди кайгыга салып кете бердим.
Атаганат! Агайындарым тоо көтөргүс белек берчү элеңер.
Жер бетиндеги ишиме, эрдигиме мен Барс көзүм тойбоду.
Атасыз баатыр элеңер!
Ажал өзүң жок болгун тукумуң менен!
О, Барс, бизди таштап кеттиңби? Атаганат!
Биз Умайбектербиз - уруубуздун эр жүрөктөрүбүз - биздин ата-салтыбыз ушул!
Атаганат! Алты эрди кошо ала жатпадың!
Тулпарыңды жаныңа сойдура жатпадың!
О, кымбатым! О, кенчим! Бизди таштап кетпесеңчи!..
Сен барда кубанчыбыз эле.
О, Суңганын алтын чер токоюунун илбээсини, көбөйө бер!
Укум-тукумуңду көбөйтө бер!
Менин Барсым атын да, букасын да албастан өтүп кетти бул дүйнөдөн!
Атаганат! Менин жоокердик эрдигиме, агаларымдын жана инилеримдин аброюна арналып мага ушул түбөлүктүү эстелик коюлду”.
Жайгаштыруу: 2017-08-15, Көрүүлөр: 700, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо