Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Басыз уруу

Басыз — этноним, кыргыз элинин сол канатына жаткан уруулардын бири. «Манаска» анын баатырдык-тарыхый эпос болуп калыптануу мезгилинде кирген деп болжолдоого болот, чыгармада сырткы жоо менен кармаштарга башка уруулар менен бирдикте катышып келгени айтылат. Басыз - сол канаттагы ири уруулардын бири (Абрамзон, 110). Уруунун-аскердик урааны "Акбуура" деп чакырылганы маалым (Абрамзон, Т.1У, - с.-79.). Басыз - кыргыз, мундуз, дөөлөс ж. б. этнонимдери сыяктуу эң байыркы-этникалык аталыш катары кароого болот. Басыз: - з мүчөсү байыркы түрк-доорунан көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө катары белгилүү-(Серебренников, Гаджиева 1979, 88). Сейф ад-Дин Аксыкендинин "Мажму-ат-Таварихинде" (XVI к.) жазылган генеалогиялык баяндар боюнча басыз уруусу кыргыздардын сол канатына кирери айтылат (МИКК, 208). ХVIIIк.-кытай булагы "Сиюй тучжи" басыз уруусу "батыш кыргыз ордосунун" курамында экендигин баяндайт (Абрамзон С. М. Т.1У.-С.80). Этнонимдин параллели Афганистандын түндүк-чыгыш аймагын байырлаган катагандардын-курамында да бар экендиги аныкталган. Бул ири этнографиялык топтун этностук тегинин кыргыздарга өтө жакындыгы абройлуу изилдөөчүлөрдүн-эмгектеринде далилденген. Д. Лорддун берген маалыматтарында басыздар өзбек катагандардын (эскертүү: илимге өзбек-катаган деген ат менен кирип калган-бул этностук топтун өкүлдөрү өздөрүн "өзбек" деп аташпайт - О. К.) он алты-уругунун бири болгондугу чагылдырылат (Кармышева 1976, 105, 244-245, КЫРГЫЗ ЭТНОНИМДЕР СӨЗДүГү-Молдобаев 1995, 149- 150). Бул басыздардын катагандар менен этникалык байланышын тастыктары бышык. Санжыралык маалыматтарда басыз уруусунун түпкү атасы Аксуулук Түгөл деп аталат. С. М. Абрамзон бул топонимди Чыгыш Түркстандагы Ак Суу менен байланышта карайт (Абрамзон 1990,-68). Ч. Валиханов, П. П. Семенов Тянь-Шаньский, Н. А. Аристовдор өз эмгектеринде басыздарды оң канат кыргыздар экендигин баса белгилешет. Болжолу, бул пикирлер басыздардын оң канаттагы кыргыз уруулары менен бирге көчүп-- конуп жүргөнүнөн болуусу мүмкүн. XVIII к. кытай жазма булагында ( "Сиюй-Тучжи") басыздар (кыт. ба-се-цзы) батыш кыргыз ордосунун курамына киришери баяндалат (Абрамзон С. М, 1960, Т. IV, 79-80).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)