Бата Акбата

Жамгыр менен жер көгөрөт,
Бата менен эр көгөрөт
Эл макалы

Бата сураган бала эки колунун чыпалактарын тийиштире тең кармап, алакандарын бириктире, бетине жакын тутуп, берген батаны аягына чейин күтүп, акырында гана «оомийин» деп, батаны кабыл алдым деген мааниде колун жүзүнө сүртөт. Бата алат. Бата тийген кишини бак жалгайт. Бата оңойлук менен жанбайт. Эгер бата жанса бак тайыйт. Батаны эл-журтка кадыр-баркы бар, көптү билип, көптү көргөн нарк-нускалуу даанышман карыялар, ак элечек байбичелер керек учурда гана берген. Мындай адамдардын батасын алыш үчүн кыйла жыл кызматын кылгандар, алыстан ат арытып атайын келгендер да болгон. Кэ¬эде эл чакырып бата сурашкан. Элдик бата касиеттүү, ыйык эсептелет. Кыргызда «эл керегине жараган киши бол!» - деп ба¬та беришет. Бул бата - кыргызга гана тиешелүү. Ошондой болсо да эл оозунда сакталып келаткан батанын түрлөрү көп.
Алсак, колго суу куйганда колун жууган киши суу куйган балага «өмүрлүү бол, бактылуу бол! Өркөнүң өссүн! Кудай тилегиӊди берсин! Кудай жалгасын! Тилегиңе жет!» деген батасын берет.
Ал эми ымыркай-уулга: «касиеттүүнүн сөзүнөн сакта, кескинин көзүнөн сакта, акелерине атчы болсун, үкөлөрүнө башчы болсун, жорткондо жолун ач, жоомарт кылып колун ач»,
той ээсине: «керегең кептүү болсун, келиниң септүү болсун, уугуң учтуу болсун, уулуң туштуу болсун»,
күйөөгө узачу кызга же жаңы келген келинге: «кайнатаңды хандай көр, кайненеңди жандай көр, суу сунсаң да сумсайбай, алтын аяк балдай бер»,
эл керегине жарачу мыкты чыкма уулдарына «Теңир телегейиӊди тегиз, бактыӊды эгиз кылсын. Кем болбо, тең бол. Жолуң ачылсын, түбүң түптөлсүн» ж. б. деп бата беришкен.
Батанын касирет-күчү касиеттүү деп эсептелет. Кыргызда кан Кошойдун Каныкейге берген батасы, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кусейин Карасай уулунун, Аксаамай Кыдыраалы кызынын ж. б. баталары белгилүү.
Тескери (терс) бата деген да болгон, аны ууру-кескилерге, чыккынчыларга ж. б. багытташкан. Ал эми «ырахмат» деген сөз бата эмес, тек гана ыраазычылык билдирүү.
Мисалы, калк кадырлаган аксакал чоң тойдо же салтанатта кыбыланы карап төмөнкүчө бата берген:

Жолуӊ шыдыр болсун,
Жолдошуң Кызыр болсун.
Тилиң кызыл болсун,
Тилегиң узун болсун.
Казаның толо аш болсун,
Касташканың бас болсун.
Айтканым сөөлөт болсун,
Башыңа дөөлөт консун.
Алдыңды мал бассын,
Аркаңды бала бассын!
же
Мал болсун,
Баш болсун,
Берекелүү аш болсун,
Узун өмүр жаш болсун.
«Ихи!» деген оору болбосун,
«Келе!» деген доочу болбосун.
Баккан балаа болбосун.
Калк ордунда болсун.
Хан тактысында болсун.
Хандын касабасынан сактасын,
Карачанын дооматынан сактасын.
Ашуусу бийик тоодон сактасын,
Айкырып кирген жоодон сактасын.
Агыны катуу суудан сактасын,
Адам өлгөн чуудан сактасын.
Бак карасын
Кыдыр даарысын.
Эл тынч болсун,
Эмгек кайнап турсун,
Береке жайнап турсун.
Ошол жайнаган берекенин ичинде
Элибиз үзүрлүү өмур сүрсүн!
Аллоху акбар! - деп алакан жайган.

Батаны тамак ичилип бүткөндөн кийин аксакал адам алакан жайып бата берет. Куру дасторконго (тасмалга) бата тиленбейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)