Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Базар

Баш барак | Экономикалык терминдер | Базар

Базар (перс тилинен بازار — bâzâr ← пехл. wāzār ← байыркы персче vāčar ← протоиндоиран. (англисче) wahā-čarana) — соода борборунун жалпы аталышы, көбүнчө минималдуу жабдылган же такыр жабдылбаган соода катарлар же ачык асманда соода кылуу жери, мында көптөгөн сатуучулар жана сатып алуучулар болуп, азык-түлүк жана башка товарлар көбүн эсе чекене сатылат.

Базар — бул товарларды жана кызматтарды алмашуу, сатып алуу жана сатуу аркылуу өндүрүш менен керектөөнүн өз ара байланышын камсыз кылуучу экономиканын иштөө формасы.

Базардагы мармеладдар
Базар (иллюстрация)

Базар экономикасынын системасында каада-салтка көз каранды эмес жана мамлекеттик органга баш ийбеген өндүрүшчүлөр иштешет, ушул себептен салык жаатында мындай адамдарды көзөмөлдөө максатында Кыргызстанда салык кызматынын патенттик салык төлөө системасы бар.

Базар аянты — бул соода орду же башкача айтканда сатуучулар жана сатып алуучулар жолугуша турган жер.

Негизинен товарды өндүрүүчүлөр сатышат (мурда дыйкандар, кол-өнөрчүлөр, учурда фермерлер, фабрика ж. б. өкүлдөрү). Ошондой эле, базар түшүнүгү белгилүү бир товар менен соода кылууда пайдаланышы мүмкүн, мисалы, «мал базар», «тоок базар», «китеп базары» ж. б. Кыргызстанда базар чаржайыттык, уюшуу деңгээлинин жана санитардык абалдын төмөндүгү, мыйзамдуу администрация жана көзөмөлдөөчү кызматтардын жоктугу же аздыгы менен айырмаланышы мүмкүн.

Негизинен базар (мурда) белгилүү бир күндөрү иштечү, ушуга байланыштуу «базар күн» термини калган. «Базар күн» Кыргызстанда негизи сооданын чокусу болгон ишемби—жекшемби күндөрүнө туура келчү, бирок учурда базар күндө иштеп калды.

Тарыхы

Базар деген сөз мурдатан эле көптөгөн тилдерде соода жүргүзүүчү жайды билдирип келген. Кыргызстанда базарлар калк көп жайгашкан ири шаарларында жайылган, мурда базарга баруу үчүн атайын базар күнү базар жайгашкан жерге алыскы сапарга чыгышчу, кээ бир шаарларда бир убакта базарлар жана жарманкелер да болчу. Кыргыз базарларында алгач акча эмес, буюмга-буюм алмашуу менен соода жүргүзүлчү, бирок, акча пайда болгондон тарта бара-бара акча менен соода жүргүзүү келген, азыркы мезгилде деле товар алмашуулар байма-бай жүрүп турат, мисалы, мал баштарын алмаштыруу.

Белгилүү базарлар

Жайгаштыруу: 2022-04-09, Көрүүлөр: 3117, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу