Базилика

Базилика (грек. basilike – падыша үйү) – планда тик бурчтуу, эреже катары, узатасынан кеткен таяныч түркүктөрдүн катарынан турган, бир нече өткөөлдөр – нефтерге бөлүнгөн узун имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгайлуу болгон, ортоңку неф (эреже катары капталдагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты – нартекс жайгашкан. Эң алгачкы базилика биздин заманга чейин 210-жылы Деллос аралында курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христианствонун бекемдеши менен храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбордук неф апсида – чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV-VI кылымда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башка курулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)