Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бейшембаев Райымбек

Баш барак | Биографиялар | Бейшембаев Райымбек

(1939-жылы туулган, Түп району, Ой-Булак айылы) - мамлекеттик ишмер. 1964-жылдан КПСС мүчөсү. Кыргыз айыл чарба институтун бүткөндөн кийин (1962) Түп районундагы Фрунзе атындагы колхоздо башкы агроном, 1968—76-жылы Кыргыз Республиканын Айыл чарба министрлигинин башкы башкармасынын начальнигинин орун басары, Ысык-Көл облустук айыл чарба башкармасынын начальниги, Республиканын Айыл чарба министрлигинде башкы адис, Кант райондук айыл чарба башкармасынын начальниги. 1976-жылдан Кеминр-ндук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1980—86-жылы Тамак-аш өнөр жай министринин орун басары, Республикасынын Министрлер Кеңешинин иш башкаруучусунун орун басары, агро-өнөр жай комплекси маселеси боюнча Республиканын Министрлер Кеңешинин комиссиясынын төрагасынын орун басары, Ысык-Көл облустук Эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, 1986—88-жылы анын төрагасы, 1988—90-жылы Кыргызстан КП Ленинполь райкомунун 1-катчысы. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 937, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу