Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бекбекей

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Бекбекей

Сөзү: элдики.
Ийнемдин учун майтардым,
Бүгүн бир короо кайтардым.
Ийнемдин учун түзөттүм,
Ишенбей короо күзөттүм.

Уугумдун учу долоно,
Ууру да, бөрү жолобо.
Ууру бир келсе уштайбыз,
Башын бир айра муштайбыз.

Короомдун учу таман жол,
Кайтарган короом аман бол.
Кыз-келин короо күзөткөн,
Илгертен калган салт ошол.

Ууру келсе уштайбыз,
Бетин айра муштайбыз,
Тоого чиркеп байлайбыз,
Тобого чаап айдайбыз.

Каратоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей.
Кара макмал тонуна,
Жең, болоюн Бекбекей.

Кызыл тоону этектеп,
Мен коноюн Бекбекей.
Кызыл жака тонуна,
Жең болоюн Бекбекей.

Иче турган ашына,
Бал болоюн Бекбекей.
Мине турган атына,
Жол болоюн Бекбекей.

Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Түлкүнүн буту согулсун.
Түн уйкуну үч болгон,
Көк чунак каны төгүлсүн.

Койдун сүтү коргошун,
Кой уурдаган оңбосун.
Эчкинин сүтү эрменде,
Эчки уурдаган шерменде.

Бекбекей айтып кыз-келин, э-ээ-э-эй Ай
жарыгы түндө ойнойт э-ээ-э-ээй, Адырда
жылкы кайтарган э-ээ-эээй, Жылкычы
жигит кимди ойлойт э-ээ-э-ээй.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 20485, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-07-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо