Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бекбоева Алый

Бекбоева Алый (12.6.1886, Нарын району, Ак-Талаа айылы — 1977, ошол эле жер) — уз, сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1959).
1930-жылдардан колхоздо, Нарын шаарындагы тигүү фабрикасында иштеген. Ал саймачылыкка, оймочулукка таандык буюм-тайымдарды арбын кармап, жалан жасалга-колдонмо өнөрүнүн өсүшү үчүн талбай узданган. Анын өнөрканасында басма, илме сайманын, "алый" көчөтунүн жана башка баа жеткис үлгүлөрү бар.
1957-ж. жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча өзүнчө айырмаланган бир нече сайма туш кийиздерин жана шырдак буюмдарын жасап өткөргөн. Көптөгөн эл аралык көргөзмөлөргө катышкан.
Бекбоеванын жасаган буюмдары Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде, Ленинграддагы мамлекеттик этнография музейине, чыгыш элдеринин мамлекеттик көркөм өнөр музейине (Москва) коюлган. Бекбоева кыргыз аялдарынан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон алгачкы эл чебери. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)