Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Беккерель Антуан Анри

Беккерель Антуан Анри (15. 12. 1852, Париж 25. 08. 1908, Круасик) француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1889). Политехникалык мектепти бүткөн. Париж улуттук табият-тарых музейинин (1892) жана Политех. мектептин проф. (1895). Беккерель оптика, электрмагнетизм, фотохимия, электр химиясы жана метеорология илимдери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Түрдүү люминесценциялык заттардын кара кагаздан өтүп, фотопластинкага тийгизген таасирин изилдөөнүн натыйжасында, уран тузунун радиоактивдүү нурлануусун ачкан (1896). Бул нурланууну изилдөө М. Склодовская-Кюри менен П. Кюринин радиоактивдүүлүктү ачуусуна алып келген. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1903).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)