Бекмуратов Саид

Бекмуратов Саид - (1901, Кара-Суу району, Жылкелди кыш. 01.02.1966, Фрунзе) белгилүү кыл кыякчы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Кыргыз мамлекеттик драма театрында (1934-36), Кыргыз мамлекеттик филармониясында (1936-61), Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыка-хореография окуу жайында (1961) иштеген. Элдик ырларды, күүлөрдү кылкыяктын коштоосунда ырдоону, күү тартууну Калыбай, Нармат, Айдараалы, Муратаалыдан өздөштүргөн. Ал кылкыякчылардын «Керөзөн», «Бекарстан тайчы», «Ак токту», «Ат кетти», «Шырдакбектин боз жорго» аттуу күүлөрүн устаттык менен тарткан. Өзү «Сырдаш», «Тизгин күү», «Кул пенде», «Кедейдин арманы», «Чуу басар» ж. б. күүлөрдү чыгарган, «Паризат», «Бери чык», «Эки жол», «Жол жүрүш» аттуу элдик ырларды аткарган. Кыргыз радиосунун алтын казынасына 20дан ашык күүлөрдү, ырларды жаздырган. Кылкыякты мыкты чапкан уста да болгон. Кыздардын кылкыякчылар ансамблин уюштурган. Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн эки он күндүгүнүн (1939, 1958) катышуучусу. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)