Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бексултан Жакиев омур баяны

Баш барак | Биографиялар | Бексултан Жакиев омур баяны

Бексултан Жакиев омур баяны
"Бексултан Жакиев омур баяны" ары кызыктуу, ары кайгылуу десек да болот. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү драматург Бексултан Жакиев Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында 1936-жылы туулган. Ал Атанын тагдыры, Миң кыял, Алтын аяк, Өкүм, Эртең жаңы жыл, Жолугушуу, Күттүргөн жаз да келер, Кызыл жалын от кечкендер, Саадак какты, Үмүт сыяктуу драмалык чыгармаларды жараткан.

1987-жылы Саадак какты деген ат менен жарык көргөн китебине да ошол драмалар топтолуп, ал 1989-жылы республиканын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду. Б. Жакиевдин Жүрөлүчү жүрөк оорутпай драмасы Кыргыз академиялык драма театрында коюлуп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Кийинки кездерде ал театр жана көрүүчү, Ысык-Көлдү, дегеле жаратылышты коргоо боюнча Манас эпосу тууралуу жүрөк өйүгөн көйгөйлүү маселелер жөнүндө курч публицистикаларды да жазды. Төмөндө "Бексултан Жакиев омур баяны" өзү айтып берген макаласы берилет.

Мен чоң атам Абийирдин колунан тарбияланып өскөм. Өз атамды байке деп, Абийирди ата дечүмүн. Жазда, күздө экөөбүз жалгыз аттык арабага совхоздон көчөт басып келип, короо-жайды тегерете бак тиге берчүбүз. А кезде биздин Бөкөнбаев кыштагында бактуу үйлөр жокко эсе болчу. Чөп чапканды, тай үйрөткөндү, ат суутуп, ат отко койгонду, айтор, жашоо-тирликте атам мени кичинемен үйрөттү... Абийир атам эл-журтка кадыр-баркы чоң, калыс, сөзмөр, көптү көрүп, көптү билген чечен адам эле.

Кайда жүрсө да, кош айдап, аштык сугарып, темин басып дегендей - эмне иш кылса да, аш-тойлорго барса да, мени дайым жанына ала жүрчү. Көп-сөзүн көп уктум. Атам жомок айтчу эмес, санжыра айтчу, уламыштардан кызык кеп салып, пайгамбарлардын турмушун айтчу. Биз жакта семетейчи мамбет - деген кыйын манасчы бар эле, күүнүн тарыхын кошо айтып черткен чоң комузчу Бектур деген кишини, деги эле өнөрпөз адамдарды атам үйгө чакырчу. Жыйын болгон жерлерге да, сөзсүз, аларды алдыртчу. Ошолорду бала чагымдан угуп чоңойдум.

Абийирдин тун уулу, балдардын көбүн окутуп-чокутуп, билимге үйрөткөн, баарыбызга ата ордуна ата болгон Акмат да сөзмөр, окуяларды кооздоп, кызыктуу айткан жайы бар, а кишиден да көп таасир болгондур мага. Апам кошокчу киши, мүмкүн, андан да таасир тийгендир. Кыскасы, таасирлер жакшы эле тийди, ансыз жашаган адам жок. Айрыкча, Абийир атамдын таасири зор. Деги эле а кишисиз тагдырым кандай болмок - акылым жетпейт: эгер менде дурус сапаттар болсо, Абийир атамдан, ал эми жаман сапаттарым менин өзүмкү... Менден көбүнчө: Драматургияга кандайча келдиң? Же башынан эле эңсеген жанрың ошо беле? Ачыгыраак айтканда, адатта адабиятка ыр жазып келет да, анан өз жанрын табат.

Сен дароо эле драматургиядан баштапсың, баштаганда да капыстан. Бир күнү эле жөөлөп кирип келипсиң. Кыскасы, Атанын тагдыры конкурста сыйлык алганга чейин, окуп жүргөн кезиңде, студент жолдоштуруңун эч кимиси сени жазат деп ойлобоптур. Айтор, адабиятка алдын ала элди көндүрүп туруп келбегениң чыгармачылык тагдырыңа таасирин тийгиздиби, жокпу? деп сурашат. Бул суроону суроо десе да болот, анча-мынча ой жорутуу десе да болот. Бирок ошонусу кызык. Жаш кезде сезимин ырга айландырбаган адам аз болсо керек.

Бала чакта учкуч болууну ким эңсебейт (азыркы балдар космонавт болсок дешер), кимдин ыр жазгысы келбейт?! Баарыбыз ошенткенбиз. Ыр менен кыялданып, ыр уйкаштырган учурларым менде да болгон. Бирөөнү жакшы көрүп калсак, күндүн чыкканы менен батканына суктансак, гүлдүн кооздугун байкасак... айтор, кубансак, кайгырсак, жалындап күйүп, же муздасак, жүрөгүбүздү туйлаткан сезимдерибизди ырга айлантууга, андай керемет сезимдерибизди жөнөкөй кара сөз менен айтышты ыраа көрбөй, шурудай тизмектешкен ырга салышка аракеттенчүбүз.

Бирок ошондон улам бала чакта ыр чыгаргандын баары эле жазуучу болсом деп эңсегендер эмес. Жазуучулукка адам өзүнөн өзү келет. Ал эми бала кезде учкуч болууга умтулгандык, ыр чыгарууга умтулгандык - бул адам дээриндеги кыялынын канатыдыр, анткени адам жаратылышынан бийиктикте умтулуп жашайт. Көр оокатка басырылып, күлала болууну каалабайт адам. Учкуч болоюн дегени, демек, канаттуу куштан кем албай асманга көтөрулгүсү келгендир. Ыр чыгарайын дегени, демек, кыялына канат байлап, ой-санаасын көкөлөтө учургандыр.

Баланын тилеги - көңүлдүн канатыдыр?! Адам канатсыз жашай алат. Самолётту эч ким ойлоп чыгарбаса, самолётсуз деле жашай алмакпыз. Бирок адам кыялданбай жашоого болбойт. Мен адабиятка драма менен келдим, драма, албетте, ыр эмес, бирок ырдын өзгөчө түрү, канаттуу кыялдын дагы бир көркөм тармагы. Проза жөнүндө да оюм ушу. Жазуучу болсом деген купуя сыр, тымызын тилек менде болсо болгон чыгаар бала кезимде. Бирок акындык, ырчылык, демек, жазуучулук ар адамдын эле колунан келе бербечүдөй сүрдөчүмүн. Азыр деле ошондой сезем.

Ал эми жазуулучукту оңойсунтуп, жеңил-желпи эле кагаз чиймелемей катары көргөндөрдү жолуктурсам, эмне дээримди билбей ичимен ызам келет. Жазуучулук - бул өтө оор, кыйын түйшүк! Аны жазууда гана билиши мүмкүн. Адабиятка мен драма менен келсем да, адеп баштаган жазмам проза болчу. Пьеса жазыш оюма да кирчү эмес. Анткени пъесаны, драматургия жанрын адабияттын экинчи сорттогу түрлөрү катары санап, барктачу эмесмин. Ырас, пъесаларды кызыгып окучумун, мектептин, университеттин драм ийримдерине такай катышчумун.

Балким, же ошолордун байкалбаган таасири тийгендир, айтор, эмнеси болсо да, драматургияга аралашып калдым. Ал мындайча. Оюмда бир нерсе бар эле, жазайын-жазайын деп, бирок жазуулучуктун сүрүнөн коркуп, батынбай жүрчүмүн. Акыры ошонум бышып жетилди. Ким билсин, 1958-жылы повестъ баштадым. Повестъ, болжолумда, жеңем жөнүндө болмокчу. Дүйшө деген байкем согушта курман болуп, кара кагаз келди. 1943-жылы экен ошондо. Жеңем мектепте мугалим, сымбаттуу, оор басырык, таза адам эле. Байкемди угузгандан кийин дагы беш жылча күттү. Жеңемди эжемдей көрүп, эже дечүмүн. Үйдөгүлөр да аны кызындай асырашчу.

Бирок акыры ыйлай-сыктай, ажыраштык, жеңемин жалгыз уулун бербей алып калдык. Мына, согушуң соолгурдун кылаары ушул! Жетим, жесир!.. Жакын адамдарды ыраактатат, ынак адамдарды биринен бирин бөлүп-жарып, башка үй-бүлө күттүрдү. Алиги жаза баштаган повестим ушуларды баяндамак: жаш келиндин тазалыгы, адамкерчилиги, жакшы көрүп, сыйлашкан кайнене-кайнатадан ажырап, башкага туш болуусу, күйүтү жөнүндө айтылыш керек эле. Бирок күндөрдүн биринде, туурасын айтсам, түндөрдүн биринде - ал кезде бирөөнүн кичинекей үйүн жалдап турган студент элек - жазып отурган повестим бир жерге келгенде такалды да, жылбай кыйналып атып, бир маалда өзүнөн өзү пъесага айланып, өзгөрүп кетти.

Чыгарма эми жесир калган келин жөнүндө эмес, ата жөнүндө болуп, Атанын тагдыры жазылды. Ошентип, мен ойдо жок жерден драматург болуп калгам. Адабиятка капыстан келгеним чыгармачылык тагдырыма таасирин тийгиздиби, жокпу? - деген суроого мен жоопту кесе айта албастырмын. Бирок Атанын тагдыры жашырын ат (девиз) менен конкурска жазылып, сыйлык албаганда, анын кабыл алынышы, өтүшү, театрга коюлушу кыйын болмок. Атанын тагдырынын башын конкурс жакшы ачып кетти. Экинчиден, кайсы бир жазуучулар, айрыкча, мурда жазып жүрүп, анча-мынча көзгө көрүнүп калган өзүм курактагылардын айрымдары мага жазуучулукту да, Атанын тагдырын да ыраа көрбөй, кызганчылыкты көп жасашты.

Анын эпкини дале келатат. Бирок антип менин кулк-мүнөзүмө залалын тийгизе алышкан жок, андан жазуучулукту көздөгөн максатым бөксөрүп кетпеди. Көрсө, ич тарлык ичи тарлардын өзүнө гана зыян экен. Андайлар башкалардын жашоосуна сугу түшүп, куйкасы курушуп жүрүп, иштеп алчу ишинин далайынан кур калат, баарынан да, давлениеси кыжынып, ооруга чалдыкканычы! Бирок анысына карабайт бу түгөт, жаман пикир таркатмайын күн көрө албаган өлөрман болот! Атанын тагдыры өзүңөрдүн үй-бүлөдөн алынып жазылган чыгарма дейт, ошо чынбы? - деген суроо да мага көп берилет... Ошондой эле, бул пикирге катарлаш дагы бир пикир бар.

Ал - ушу турмуш биздин баштан өткөн деп, Атанын тагдырынан өз тагдырларын көргөндөр да аз эмес. Буга эмне дешим керек? Чыны, тигиндей дегендерге да, мындай дегендерге да сеники туура, же туура эмес деп, бир сөз менен жооп бере салыш мен үчүн кыйын, мүмкүн да эмес. Анткени экөөндө тең чындык турат. Согуш учурунда бала элек. Кудайдын куттуу күнү эртели-кеч аялдардын кошогу менен тооктун чакырганы үн алышып турса да, кошок менен таңды аткызмай, кошок менен кечти киргизмей салт сыяктуу сезилчү мага.

Анан согуш бүттү... Бара-бара аялдардын ыйы сээлдеп, акыры кошоктор угулбай калды. Алиги ый менен таңды аткызмай, ый менен кечти киргизмей салт жоголуп кеткенсип, айыл ичи жымжырт боло тунжурай түшкөнсүдү. Көрсө, мындай абал жеке эле биздин айылда эмес, жер-жерлердин баарында болуптур. Согуш учурунда жакынынан ажыроо - ар бир үй-бүлөнүн башына түшкөн кайгы эле. Андайды биз да кечирдик баштан. Байкелеримдин бири да согуштан кайткан жок. Бирок чоң атам менен чоң энем аларды өлөр-өлгөнчө күттү. Айылдын чал-кемпирлери күндө кечинде, биздин үйдүн маңдайындагы таш жонго чогулуп, жол карап, согушка кеткендерди күтөөр эле.

Ошо күткөн боюнча жарыктык карылар дүйнөдөн өтүп да кетишти. Чоң ата-чоң энелерибиз менен бирге таш жондо отуруп, байкелерибизди биз да күткөнбүз. Айтор, жол карабаган эне-ата, арзыган селки, кусалуу жубай ал жылдары өтө сейрек болгон чыгаар! Менимче, адамкерчиликтин бийик касиети да, сапаты да мына ошол чексиз үмүт, түбөлүк күтүүдө, тирүүчүлүктү унутпоодо!... Ал эми окшош окуялар, окшош жетимчилик, окшош жесирчилик согуш учурунда кимдин гана башына келбеди! Бирок болгон окуяны көчүрүп коюу менен гана чектелбейт да жазуучу.

Маселен, Атанын тагдырындагы Акылбектин кыял-жоругу, мүнөзү, кайрат, дымагы. А түгүл, далай-далай сөздөрү негизинен өз чоң атам - Абийирди көп элестетет. Бирок ошондон улам Абийирди Акылбек дешке да болбойт. Канткен менен, экөө тең мага кымбат. Абийир менен мен ата-бала катары жакын болсом, Акылбек менен көркөм-эстетикалык, турмуштук ой-толгоо позициям боюнча жакынмын. Кыскасы, Акылбек аркылуу мен жазуучу катары атуулдук позициямды элге жеткирүүгө далалат кылдым. Мына ушу себептерден улам мага Абийир да, Акылбек да кымбат жана ыйык.

Абийир мени турмушка жаратса, мен Акылбекти жараттым. Абийир болбогондо, мүмкүн Акылбек жазылбайт эле. Жазылса да башкача жазылмак. Пъесадагы Зуура менен жогоруда айтып өткөн жеңемдин, Жеңишбек менен инимдин башталыш тагдырлары, окуянын нугу үндөш болсо, ал эми Оңолкан, Майраш, Бошкой, берки балдар таптакыр ойдон чыгарылган, мен көрүп-билип жүргөн адамдардын эч кимисине тиешеси жок персонаждар... Бакыт - бул үмүт. Ал эми үмүт бар жерде жашоо кызык. Эмгектенүү кызык. Үмүт бар жерде эс алуу, ойноп-күлүү, ойлонуу кызык. Үмүт бар жерде ажырашып-табышуу да кызык. Баары кызык. Бакыт жөнүндө ойлонуп, ага жооп издөөнүн өзү да бакыт! Бакыт бар деп жашоонун өзү да бакыт!

Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде каза болгон.

Мынакей достор "Бексултан Жакиев омур баяны" ушундай экен, кошумча пикирлер же суроолор болсо жазгыла.

Жайгаштыруу: 2017-11-04, Көрүүлөр: 7879, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-04-26
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу