Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бельгия

Бул Европадагы чакан өлкөнүн аянты Россиядагы Москва областынан да кичинелик кылат. Анын бир четинен экинчи четине автомобиль менен 4-5 саатта жетүүгө болот. Бельгиянын аймагы ар түрдүү мезгилдерде Франция менен Германиянын, Италиянын, Австрия менен Голландиянын карамагында болуп келген. 1830-жылы Бельгия көз каранды эмес өз алдынча мамлекет деп жарыяланган. Бельгияда эки улут: валлондор менен фламандар жашайт. Бельгияга биринчи жолу келген адам мекемелердин аттары, жол көрсөткүчтөрү эки тилде: французча (валлондордун тили) жана фламандча жазылгандыгын байкайт. Борбор шаары Брюссель.

Азыркы Бельгия - өнүккөн индустриялык мамлекет. Мында чоюн, болот, жез өндүрүлүп, автомобиль, станок, айнек, электр аппараттары жасалып чыгарылат жана кездеме, килем токулат. Бул товарлар көптөгөн чет өлкөлөргө сатылат. Бирок өнөр жай тармактарына керектелүүчү айрым сырьёлорду чет мамлекеттерден сатып алат. Бельгиялыктар айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушат. Алар буудай, картошка жана жашылча эгип, сүттүү уйларды өстүрүшөт. Бельгия Түндүк деңизинин жээгинен орун алган.

Деңизден соккон нымдуу шамалдын таасиринен кышы жылуу, жайы салкын. Дарыялары тоңбойт. Кышында көбүнчө күн бүркөлүп, туман каптап турат, жайында чагылган чартылдап, жамгыр көп жаайт. Деңиз жээгинен өлкөнүн ичин көздөй кенен түздүк созулуп жатат. Аны дарыя жана каналдар кесип өтөт. Алардын жээктерине катар-катар теректер отургузулган. Айлананын баары жашыл шалбаа, анда короо-короо уйлар жайылган.

Бул кенен түздүк бара-бара бийиктеп отуруп дөңсөөлүү адырларга, өлкөнүн түштүк чегарасын бойлой кеткен жашыл токойлуу тоолорго айланат. Борбордук Бельгияда темир жол жана автомобиль жолдору, дарыя менен каналдар абдан көп. Алардын жээктеринде кайнаган турмуш өкүм сүрөт. Мында көмүр казып алынуучу шахталар, өлкөдөгү эң ири завод-фабрикалар курулган. Дарыялардын жээктерин бойлой шаар жана шаарчалар туташ созулуп жатат. Бельгиянын эң ири порту - Антверпенге дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн кемелери келет. Бельгия - гүлдүн өлкөсү, ошондой эле кооз тор кездеме, зергерлер жасаган асем буюмдары, тарыхый эстеликтери менен даңкы чыккан. Бельгиянын шаарларын байыркы архитектуралык курулуштардын музей-шаарлары деп эсептөөгө да болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 694, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо