Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Белоктордун мааниси

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Белоктордун мааниси

Белоктор организмде көптөгөн кызматтарды аткарып анын тиричилигинде чоң мааниге ээ. Белоктор — клеткалардын негизги куруучу материалы. Сырткы мембранасындагы белоктордун молекуласы аркылуу клетканын ичине белгилүү гана заттар киргизилет.

Кан менен ташылган кычкылтек, гемоглобин деген белок аркылуу ташылат. Организмде жугуштуу оорулардан, бөтөн заттардан коргоочулар дагы белоктор.

Белоктордун түзүлүштүк бирдиги катары аминокислота саналат. Аминокислоталардын 20 түрү болсо дагы белоктордун түрү абдан көп, анткени аминокислотанын саны, ирети менен айырмаланат. Айтылган нерсени түшүндүрүш үчүн төмөнкүдөй мисал келтирсе болот. Кыргыз алфавитинде болгону 36 тамга бар, ал эми сөздөрдүн саны кыйла көп, себеби сөздөрдүн жазылышы тамгалардын саны жана ирети боюнча айырмаланып турат.

Аминокислоталар өз ара алмашуучу жана алмашпоочу аминокислоталарга бөлүнөт. Алмашпоочу аминокислоталар организмде синтезделбейт жана башкалар алардын кызматын аткара албайт, ал эми алмашуучу аминокислотасынын кызматын башка аминокислота аткарышы мүмкүн, же ал организмде синтезделет.

Ошонун натыйжасында белоктор дагы толук баалуу жана толук баалуу эмес болуп бөлүнөт. Толук баалуу белок өзүндө организмге керек болгон баардык алмашпоочу аминокислоталарды камтыйт, толук баалуу эмес белок — камтыбайт. Адамга зарыл болгон толук баалуу белоктор негизинен жаныбарлардан алынган азыктарда кездешет.

Мисалы, балыктарда, этте 16-25%, жумурткада, быштакта 8-15%, сүттө, айранда 0,5-2,5% белок болот. Өсүмдүктөрдүн белогу толук баалуу болбосо дагы өсүмдүктөр менен да тамактануу керек, анткени аларда адамга зарыл болгон башка азык заттар бар, мисалы, катуу булалар (орусча грубые волокна, клетчатка). Балдардын тамагында жаныбарлардан алынган тамак-аш көбүрөөк болуп, эң эле болбогоңдо күнүмдүк тамактын 70% түзүшү керек, себеби мындай тамактын белогу толук баалуу, биринчиден, өсүп-өөрчүгөн балага белок керектүү курулуш материалы. Белоктун мааниси адамдарга гана бардык тирүү жандыктарга абдан маанилүү.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 5183, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо