Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бешикке бөлөөнүн артыкчылыгы

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Бешикке бөлөөнүн артыкчылыгы

Илгертен ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт, бул баланы бешикке бөлөп багуу. Бешик арчадан жасалат, анын себеби арчанын жыты ар кандай ооруларга туруштук берет. Бешикке жаткан бала энесине жеңилдик алып келет. “Жакшы келиндин бир колун байлайм, жаман келиндин эки колун байлайм” - деп - бекеринен айтылбайт. Бешикке бөлөнгөн бала таза болот, кышкысын суукка урунбайт. Жылуу жаткан бала сийгектебей такымы кургак болот, андыктан көп тынчсызданбай тынч уктайт.

Ал эми жалаякка оролгон баланын жалаягын тез-тез алмаштыруу керек. Ошо себептен, үйдүн ичи жылуу болбосо суукка урунуп калышы ыктымал. Баланы бешикке бөлөгөндө боркогуна көңүл буруу зарыл, ал колу-бутуна өтпөгөндөй болушу керек. Баланын башын жылуулаганга жоолук ылайык, себеби өтө турган тигиши жок жана моюнун жаап, көкүрөгүн дагы жылуулайт. Үйдүн ичинин жылуулугуна карата бешикти жылуулап же салкыныраак жапса болот.

Жайкы ысыкта тор менен чымын - чиркейден калкаласа болот. Баланы күнүгө же күн алыс кириндирип туруш керек. Баланын чайкай турган суусуна бир аз туз кошулат, себеби туз терисин чыңалтат деп эсептелинет. Бала киринткенден кийин жакшы уктайт. Жаш баланын териси назик келген үчүн, анын терисине кылдаттык менен мамиле жасоо керек.

Ошондуктан кийими ар дайым таза жуулуп, үтүктөлүп, чоң адамдардын кийиминен башка сакталышы керек. Бала ойгонгондон кийин бешиктен чечип алат. Аны жуунтуп, ороолорун алмаштырып туруш зарыл. Жуунткандан кийин такымдарын май менен майлап, колу-бутун, денесин сылап укалайт, андан кийин абайлап колу-бутун керип-чоюп, көнүгүүлөрдү жасайт. Ушул мезгилде бала менен сүйлөшүү, же ыр ырдап берүү эң жакшы таасир этет. Баланын уйкусу ар кандай болушу мүмкүн. Ошондуктан бала ойгонгон сайын бешиктен чечип алуунун кажети жок, баланы эмизип, бешигин терметип кайра уктатса болот. Уктабай тынчсызданса чечип алып алдын кургактап, тынчтандырып кайра уктатса болот. Бешик биринчи иретте тоолуу жерлерде колдонууга баардык жагынан ыңгайлуу.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 466, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо