Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бетке кам коруу

Баш барак | Медицина | Бетке кам коруу

Салам достор, көптөгөн адамдар, өзгөчө айымдар, "бетке кам коруу" маселесине келгенде олуттуу каталарды кетиришет дагы, бардыгын туура жасап жатам деген ойдо болушат. Беттин териси бул табият өмүрүбүздүн акырына чейин берген белек. Эскирген терини чечип салып, жаңысын сатып алууга болбойт да. Бир гана бетке туура кам көрүү менен анын сулуулугун сактап калуу мүмкүн. Бетке кандай кам коруу болот? Бул макалада биз үй шартында жашына, жынысына жана беттин тибине карабастан бетке кам көрүүнүн башкы эрежелерин жана негизги кадамдарын айтып өтөбүз. Индивидуалдык түрдө косметикалар гана тандалат.

Бетке кам коруу:
-Бетке кам көрүүдөгү 2 эреже
-Терини тазалоо
-Терини сергитүү
-Терини нымдоо
-Кремди сүйкөө
-Көп берилүүчү суроолор

Бетке туура кам көрүү
Негизги 2 эрежени сактоо керек, булар:
1.Регулярдуулук же ар дайымдык. Бетке күн сайын эртең менен жана кечинде кам көрүү керек. Ал болгону 3 мүнөттүк убакытты алат, жана ал тиш жуугандай эле адат болуп калышы зарыл.

2.Косметикалык каражаттардын бетке туура колдонуу техникасы. Бардык косметикалык каражаттарды беттин массаждык линиялары аркылуу сыйпоо - бул теринин эң аз чоюлуучу линиялары. Антпесе, сиз күн сайын бетиңерди чоюп жатып, бырыштардын эрте пайда болуусуна шарт түзүп коесуз. Косметикалык каражаттарды манжалардын жаздыкчалары менен сүйкөө керек, беттин терисин чойбой, катуу баспай. Эгер крем өтө коюуу болсо, же беттин териси өтө жука болсо, мисалы көздүн айланасы, кремди женил баскылоо менен сүйкөө керек. Беттин негизги массаждык линияларын эстеп калуу оор эмес, дээрлик бардык линиялар беттин ортосунан четине кетет. Бир гана көздүн алдындагы аймак гана тескерисинче - көздүн тышкы бурчунан ички бурчуна. Моюндун маңдайкы жагына косметиканы ылдыйдан өйдө карай сүйкөп, капталдарында тескерисинче өйдөдөн ылдый карай. Ооба, моюндун терисине дагы беттикиндей эле кам көрүү керек, анткени моюндагы тери жука, начар азыктанат, ошого байланыштуу чоюлчагын жоготуп, бетке караганда тез бырыштарга кабылат. Бетке кантип кам коруу керек? Косметиканы массаждык линиялар менен сүйкөө кезинен мурда бырыштарга кабылуудан сактайт. Бул эки эреже биздин косметикабыздын маркасынан, баасынан дагы маанилүү.

Эми кошумча кенештерге өтөлү. Ал өзүнө үч баскычты гана камтыйт. 1.Терини тазалоо
Беттин терисин эртең менен жана кечинде тазалоо керек. Эртең түн ичинде топтолгон клеткалардын калдыктарынан арылуу үчүн. Антпесе, зыяндуу нерселер сүйкөгөн крем менен кайра териге сиңет. Кечинде болсо күндүзгү чогулган кирден жана косметикадан тазалоо зарыл.
Тазалоо техникасы:
Биринчиден колду жууп, бетти дайыма таза кол менен кармоо абзель. Кечинде, эгер көздүн айланасында макияж болсо, атайын макияжды тазалоо каражатын колдонуу туура. Кебез дискке каражатты сүйкөп, макияжды алуу үчүн кирпик кырын, көздүн айланасын бир нече жолу сүртүү жетиштүү. Андан соң бетти суу менен нымдап алып, нымдалган манжалардын учуну кичине макияждан тазалоочу каражатты сүйкөп, айлампа кыймылы менен беттин жана моюндун массаж линиялары менен сүйкөп, 1 мүнөттөн кийин бөлмө температурасындагы суу менен жууп, сүлгү менен басып-басып кургатуу керек, сүрткөнгө болбойт, беттин жана моюндун териси чоюлуп калышы мүмкүн.

2.Терини сергитүү
Сергитүү беттеги макияждан тазалоочу каражаттардын иш-аракетин жок кылып, жуугандан кийин теринин pH денгээлин нормалдап, нымдоочу кремди сүйкөөгө даярдайт. Ошондуктан бетти тоник менен таңда жана кечинде сүртүү жакшы.

Сергитүү техникасы:
Кебез дискти тоникке жакшылап нымдап, массаждык линиялар менен акырындан сүрткүлө. Эгер тоник спрей түрүндө болсо, бетке жана моюнга жакшылап сээп, кебез диск менен сүртүү керек.

3.Терини нымдоо
Терини нымдоо процесси дагы таңда жана кечинде жүргүзүлөт. Анткени, нымдуулуктун жетишсиздиги теринин кургап кетүүсүнө алып келип, натыйжада теринин чоюлчактыгы, ийкемдүүлүгү жоголуп, бырыштардын пайда болуусуна алып келет.

Кремди бетке кантип сүйкөө керек.
Элдер менен көп иштеп жүрүп мен кремди колдун тышкы бетине сыгып алып, андан соң аны кардардын бетине сүйкөгөнгө көнүп калгам. Ушундай эле ыкма менен мен өзүмдүн бетиме дагы кремди сүйкөйм. Сизге дагы ушундай ыкманы сунуштайм, бул "бетке кам коруу" маселесинде абдан ыңгайлуу. Эгер крем тюбикте же помпасы бар флакондо болсо бир буурчактын көлөмүндөй болгон өлчөмдө кремди сыгып алгыла, эгер крем банка түрүндөгү кутучада болсо, зарыл болгон кремди таза атайын шпателдин жардамы менен алгыла. Бетке сүйкөөр алдында манжалардын жаздыкчалары менен кичине сүртүп койгула, бул анын температурасын дене температурасы менен тендеп, кремдин активдүүлүгүн жогорулатат. Андан соң чоң эмес өлчөмдө кремди бетке жана моюнга сүйкөп массаж линиясы менен таратуу керек. Көздүн айланасында крем сөөк кырларынан баштап сүйкөлөт. Сөөк кырын таап, көз орбитасынын узатасынан сүйкөйбүз. Кирпик сызыгы жана көздүн кыймылдуу кабыгына сүйкөөнүн кереги жок. Сары-санаа болбоңуз крем көздүн айланасындагы кабыктарга өзү эле бөлүштүрүлөт, анткени көз дайыма кыймылда болот эмеспи. Бөлүштүрүү бир калыпта жана ашыкчысыз жакшы жүрөт, мындай бөлүштүрүүнү кол менен жасоо оңой эмес. Үнөмдөп же өтө көп сүйкөөнүн кереги жок. Кремдин көлөмү оптималдуу болуп терини жакшы нымдап туруусу зарыл, жана өтө көп болуп теринин деп алуусуна зыяны тийбеши керек. Ошондуктан, 20-30 мүнөт ичинде крем териге сиңбесе, ашыкчаларын салфетка менен нымдап, калганын колдун тышкы бетин сүйкөп салсаңыз болот.

Эсиңерде болсун:
Күндүзгү кремди сыртка чыгарда жарым саат мурун колдонуп, кышында 1 саат мурун сүйкөш керек, антпесе крем териге сиңип жетишпей калат. Түнкү кремди жатаарга 1 саат а түгүл 2-3 саат калганда сүйкөө абзель, анткени булчуңдар кыймылда болуп крем жакшы сиңет, өзүнүн жумушун жакшы аткарат. Эгер кремди сүйкөп дароо жатып алсаңыз, бет булчуңдар бошоп, микроцуркуляция бузулуп, крем туруп калат, эртен менен бетте шишиктердин пайда болушу мүмкүн, өзгөчө көздүн айланасы. 25 жашка чейинки жаш айымдарга болсо түнкү крем адатта такыр эле кереги жок, кечинде бетти тазалап, тоник менен сүртүп коюуу жетиштүү. Бул курактарда тери өзү эле мыкты калыбына келет, ага жардамдашуунун зарылдыгы жок, антпесе тери жалкоо боло баштайт, а бул тез картаюууга алып келет.

Мага кардарларым ушул суроолорду абдан көп беришет:
-Кадимки водопровод суусу менен жуунса боло береби?
*Албетте, эгер сизде таза хлорлонбогон суу менен жуунуу мүмкүнчүлүгү болсо жакшы, жок дегенде фильтрленген. А эгер жок болсо, сары-санаа болуунун кажети жок - бетибиз суу менен бир нече секунда эле контактта болот, кийинки баскычта тонизирование - сиз хлор суунун иш-аракетин жокко чыгарасыз.

-Бетти өтө ысык же өтө муздак суу менен жууса болобу?
*Болбойт. Ысык суу поралардын жана капиллярлардын кенейүүсүнө жана майлардын көп бөлүнүп чыгуусуна алып келет. Өтө муздак суу кан тамырларды ичкертип, теринин азыктануусунун начарлашына алып келет. Ошондуктан бөлмө температурасындагы суу менен жууну жакшы, ал дене температурасынан төмөнүрөөк болуп, бетти сергитип, зыяндуу таасирлери жокко эсе.

-Бетти тазалоочу суюктук менен эле тазалап, суу менен жуубай койсо болобу?
*Болот. Бирок мындай учурда жок дегенде кебез дисктерди суу менен же тоник менен нымдап алып, бетте тазалоочу каражаттар калып калбоосу үчүн жакшылап сүртүү керек.

-Эртең менен кечиндегидей терини тыкаттык менен тазалоо зарылбы?
*Жаш тери, өзгөчө комбинацияланган жана майлуу тери, майлардын көп бөлүнүүсү менен айырмаланат, ошондуктан мындай терини тыкаттык менен тазало зарыл, эртең менен дагы, кечинде дагы. Нормалдуу, кургак, жетилген жана сезимтал терини эртең менен суу менен жууп эле тонизирование баскычына өтө берсе болот.

"Бетке кам коруу" боюнча дагы суроолорунуз болсо, пикириңизди жазып койсоңуз, бардык суроолорго жооп берүүгө аракет кылабыз. Бетке кам коруу уй шартында макаласы пайдалуу болду деген үмүттөбүз. Социалдык тармактардагы досторуңуз менен бөлүшүп, лайк басканды унутпаңыз.

Жайгаштыруу: 2018-04-02, Көрүүлөр: 8146, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-01-13
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо