Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бийбосунов Ильяс

Баш барак | Биографиялар | Бийбосунов Ильяс

Бийбосунов Ильяс(1932-жылы туулган, Түп району, Күрмөнтү айылы) - механик, физика-математика илимий доктору (1972), профессор (1973). Кыргызстан Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1989), Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). 1959-61-жылы КМУнун математикалык анализ жана теориялык физика кафедраларында улук окутуучу. 1961—63-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын Физика жана математика институтунун теориялык физика секторунда улук илимий кызматкер, 1963-жылдан радиоастрономия жана аба агымынын динамикасы лабораториясынын башчысы, 1975жылдан автоматика институтунун гидроаэродинамика лабораториясынын, ошол эле учурда туташ чөйрөлөрдүн механикасы бөлүмүнүн башчысы. 1985жылдан СССР Илимдер Академиясынын Теориялык жана колдонмо механикасы боюнча улуттук комитетинин, 1993-жылдан Россия ИАсынын Теориялык жана колдонмо механикасы боюнча улуттук комитетинин мүчөсү. Эмгектери негизинен геофизика, гидроаэродинамика, туташ эмес чөйрөнүн механикасына, дисперсиялык жана газ суюктук системаларына арналган. 120дан ашык илимий эмгектин автору. Илимий эмгектеринин кыйла көпчүлүгү СССР Илимдер Академиясынын илимий журналдарында басылган. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 870, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу