Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бийкеч айымдар

Баш барак | Гороскоп | Бийкеч айымдар

Бийкечтер шексиз аялдыктын жана уят-сыйыттуулуктун символу, бирок, ошону менен бирге булардын мүнөзүндө "Темирдей бекем" айымдын мүнөзү чагылып турат. Бул бир багытта жүргөн натураларды, бакыт жолунда жана өз максатына жетүүдө, эч кандай тоскоолдуктар жана түйшүктөр токтото албайт. Бирөөдөн жардамды сейрек сураган жана бирөөнүн ийинине сейрек ыйлаган, булар өз жолунда кадамдарды ишенимдүү шилтеп, өткөндөргө көз чаптырбай, алдыга гана карайт.



Бул айымдар башкаруу үчүн жаралган. Жана бул - мунун айланасындагылардын баарына таандык, достук мамилеси төш болуп, сүйүү мамилеси баш болуп. Эски мамилелерин үзүп, жаңы ак ниет мамиле куруу, бул айымдар үчүн маселе эмес. Бийкечтерде эгиз козудай болуп, дайыма мүнөзүнүн эки жагы бар, булар - эптуулук жана романтикалуулук.



Ал эми сүйүүгө болгон кабыл алуусу жана берилүүсүнө кайрылсак, мындай айымдар жалындатып жагуучу, кичинейкей от сыяктуу болот. Качан сүйүү оту тутанганда, булар сүйүү сезимдерине толук бойдон берилет.



Тактык - бул Бийкечтердин өзгөчө мүнөзү. Кечигип калууларды өздүк кемсинтүү катары кабыл алып, аларда майда бөлүктөргө болуп салуучу жолборс мүнөзү ойгонушу мүмкүн. Мындай айымдар менен бир нерсени талашуу маанисиз, анткени булардын кежирдиги, алардын оюнун туура жана талашсыз экенине өзүлөрү шектенбейт. Бул айымдарды алдап коюуу да маанисиз. Айлана чөйрөдөгүлөрдү чебердик менен сезип-туюп, калп жана ак ниетсиздикти да чебер сезишет. Көз карашынын тунуктугу, акыл-эсинин тазалыгы жана уят-сыйыттуулугу бул - Бийкеч-айымдардын негизги айырмачылыгы.



Мындай айымдар мызаларга кайсы гана жаатта болбосун эң жакшы кенешчи болот. Эптүүлүк жана тактык бул - анын сурап алгыс мүнөздөрүнөн.



Жөнөкөй мыктылыкка умтулуу сезимине ээ болуп, Бийкечтер өз жагына болгон критикага чыдабайт, бирок бирөөнү критикалоону булар жакшы билет. Өзүнө критикалуу болуп, Бийкечтер өз кемчиликтери жана бирөөлөрдүн кемчиликтерин да жакшы билет. Майда-чүйдөлөргө кыжырланып жана ар кандай нюанстарга көңүлүн буруп, мунун мүнөзү айланасындагыларга тыкаттык жана аярлык менен мамиле жасоого түртөт. Кандайдыр бир педантикалуу болуп, Бийкечтер өзүнүн иш-аракеттери менен дайыма сулуулукка жана идеалга умтулуусун далилдейт.



Үй-бүлөөлүк жоопкерчиликтерди өзүнө алууга аракеттенип, булар дайыма күйөөсүнүн эр-намысын сактап, андай иштерге күйөөсүн жакындатпаганга аракеттенет, жана мындай иш-аракеттерден чыныгы кумарга батат.



Ишенимдүүлүк жөнүндө айтып отуруп, Бийкечтердин ишенимдүүлүгүнүн чоң деңгээлде болоорун белгилеп коюуу керек. Эгер булар сүйсө, анда буларга жүз пайызга ишенүүгө болот.



Бийкечтер өз сезимдерин жана эмоцияларын эл астына көрсөтмө кылганды жактырбайт. Булардын сезимталдуулугу дайыма өз колунда болот. Сөздөрүн жана иш-аракеттерин башкарып, Бийкечтер "шайтанын" дайыма өзүндө кармаганга аракет кылат.



Бийкечтердин ичинде терең жоопкерчилик сезими жана эрктүү болгон, мырзаларга таандык кайраттуу натура жашайт. Сыртынан караганда абдан оор, жашоодогу ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшкө түшүү менен, Бийкечтер болгон күч кубатын жумшап, дайыма керектүү жыйынтыкка жетип, жеңип чыгат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 3392, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу