Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бийкеч мырзалар

Бул зодиак белгисинде төрөлгөн мырзалар, романтикалуу натуралардан эмес. Булар эрктүүлүктүн материалдык мыйзамдары менен жашайт. Ошондой эле булар сүйүү жөнүндө ыр жазып, сүйгөнүнүн терезесинин алдында серенадаларды ырдап, эл алдында Ромеону ойногон мырзалардан таптакыр айырмаланып турат.



Бул мырзалар үчүн эмгек, тартип жана милдет баарынан бийик турат. Ошондой эле булар, үй-бүлөөгө, аялына жана балдарына айтылып өтүлгөндөй катуу байланышта болушу мүмкүн. Сүйүү сезимдери жана романтикалык эмоциялар, сентименталдуулук жана сезимталдуулук Бийкеч-мырзалардын мүнөзүнө таандыгы жок. Бирок темирдей бекем жана салмактуу көрүнгөнү менен, сүйүп калса, көз алдында ээргип кетиши мүмкүн.



Сүйүүдө көп учурда Бийкеч-мырзалар бактысыздыкка жана жалгыздыкка дуушар болушат, анткени алар көбүнчө көңүл калууларды башынан өткөрүп, булардын аркасында өзүнө чөмүлүүлөр болот.



Мындай мырзалар эч качан фортуна менен күрөшкө түшпөйт. Эгер тагдыр буларды бойдок калтырып, жагыздыкка чөгөрүү чечимин кабыл алса, Бийкеч-мырзалар мындайга каршылык көрсөтпөйт, тескерисинче өкүнүчсүз жана таарынычсыз кабыл алат.



Аналитикалык акыл-эске ээ болуп, мындай мырзалар эч качан кырдаалды колунан бошотпой, башкара билип, жоокер сыяктуу дайыма өзүнүн сезимдеринин жана сезимталдыгынын кароосунда болот.



Бул жөнөкөй келген белги өзүнүн жападан-жалгыз сүйүүсүн табуу үчүн көп убактысын сарптайт, анткени булар сүйүүдө, башка нерселерде сыяктуу, абдан жакшы талдаганды билишет. Бул мырзалар үчүн чыныгы сүйүү бул - сезимдин тазалыгынын жана бийиктигинин ишке ашуусу.



Ошондой эле Бийкеч мырзалардын сырткы көрүнүшү көп учурда жаркын эмоцияларга, сезимдерге жана санааларга жөндөмү жок, муздак чоң ташка окшош. Бирок, бираз чыдамдуулук кылса, төшүндө динамикалуу согуп турган, жылуу жана сезимталдуу жүрөктү көрүүгө болот. Өз сезимдерин ачыкка чыгарбоого аракеттенип, булар баардыгын өзүндө кармашат. Бирок, бул мырзалар өз сүйгөнүн тандап, өз сезимдерине ишеничте болсо, ал ошол замат ал сезимдерин сүйгөнүнө айтып, туруктуулук жана ишенимдүлүк, жылуулук жана түшүнүктүүлүк сезимдерин тартуулап, бул сезимдер көп жылдарга созулат. Бирок, бул мызарлардын башка зодиак белгисиндеги мырзалардан айырмасы, алардын өз сүйүүсүнөн жооптуу сезимдерди жылдар бою күтүп жүрө берүүсү. Жана мындай жооптун келиши менен, бул мырзалар сүйгөнүнүн көңүлүнүн майдасына чейин өз көңүлүн буруп, камкордугун көрсөтөт.



Буларды кызгануучу деп айтканга болбойт, өзүмчүл десек жакыныраак болот, анткени Бийкечтер өзүнүн сезимдерин жана санааларын башкара билип, кызгануунун драмалык чатактарын уюштурбайт, бирок алардын жүрүш-турушу түгөйүн кооптондурат.



Өзүн өзү тартиптөө жана өзүн өзү башкара билүү бул - мындай мырзалардын тартып алгыс мүнөздөрүнүн бири. Эгер булар кандайдыр бир чечимге келсе, анда буларды кайра чечимин өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Мындай учурда сынып калган вазаны кайра чаптап, курап коюуу теориясы бул - Бийкечтер ишенбеген иллюзия. Эгер Бийкеч-мырзалар чыныгы өз түгөйүн тапса, анда ал стабилдүү келечекке умтулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1970, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо