Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бир жашка чейинки бөбөктүн психикасынын өнүгүүсү

Баш барак | Психология | Бир жашка чейинки бөбөктүн психикасынын өнүгүүсү

Үч айдан баштап бөбөктүн өнүгүүсүнүн экинчи мезгили бөлүнүп каралат. Бөбөктүн өнүгүүсүндө оциалдык кырдаал өзгөчө мааниге ээ. Бир жашка чейинки бөбөктүн өнүгүүсүнүн негизги шарты катары чондордун мамилеси белгиленет. Ымыркайдын алгачкы айында эне балага үн салып кайрылуу менен көрүү жана угуу анализаторлорунун ишин активдештирет, бул психиканын өнүгүүсүнүн өбөлгөсү болсо, кийинчерээк бөбөктүн жашоосу багуусуна байланыштуу болот. Анткени, баланын керектөөсүн канаттандырууда эне баланы азыктандырат, кийимин кийгизет, оройт, кургактайт ж. б. көптөгөн иш-аракеттерди аткарат. Балада эз алгач пайда болгон керектөө социалдык мааниге ээ. Мындай мамиленин маанилүүгүнүн чоздор жеткиликтүү баалабаганда терс эмоционалдык реакция пайда болот да баланын чыргоолонуп, тынчсыздануусу жогорулайт. Баланын нерв системасында козголуу басымдуулук кылат.



Ошондуктан бөбөктүн керектөөсүн, умтулуусун канаттандырып, багыттоодо чоздордун мамилеси негизги мааниге ээ. Баланын чоздорго карата оз эмоционалдык абалынын пайда болушу карым-катнаштын өзгөчөлүгүн чагылдырат. Эгер бөбөк ойногусу келбей чыргоолонсо, энесинин кайрылып үн салуусу анын көзүлүн көтөрөт. Бөбөк жанындагы оюнчуктарга алаксыйт. Үч айында өзүнө жакын адамдарды бөлүп тааный баштайт. Чоздор бөбөктүн үч айлык мезгилинен баштап активдүү мамилеге өтүп, анын психикасынын өнүгүүсүн жөнгө салууда эмоционалдык карым-катнаш маанилүү орунга ээ. М. Ю.Кистяковская бөбөктүн чоздор менен мамилесинин татаалдыгын изилдеген.



Ал үч айлык бөбөк өзүнүн энесин башкалардан ажыратса, үч-төрт айында өздөрүнө карата кайрылып сүйлөгөн адамдарга жылмайып, колу-бутун тыбырчылатат. Ал эми 5-6 айында чоочун кишинин сөзүн укканда ага карап тынчып, тызшайт, же ыйлайт. Бөбөк өзүнүн энесин, эжесин, жакын адамдарын көргөндө кубанганын ачык чагылдырат, талпынып үн сала баштайт.



Төрт айында көздүн кыймылы түстүү оюнчуктарга, заттарга багытталат. Беш айында кармоо актысы активдешет. Төрт-беш айында заттарды колу менен кармап, оозуна жакындатат. Алты-жети айында бөбөктүн колунун кыймылы заттарга, оюнчуктарга багытталат. Бир учурда эки оюнчукту кармап, аны жерге ыргытып, кайра алып кармалайт.



Бөбөктө заттарды кармап аракеттенүү активдешет. Бөбөктө чоздордун мамилесине жооп иретинде жылмаюунун, кыймылдын активдүүлүгүнүн жана башка аракеттердин пайда болушу «жаздануу комплекси» деп белгиленет. Бөбөктүн өнүгүүсүндө кыймыл аракеттердин иретсиздиги пайда болуп эз алгач колдун кыймылы активдешип, багыттуулугу байкалат. Бөбөктүн сенсорикасы кыймыл аракетине караганда тез өнүгөт.



Окшоштуруп туурап, өзүнүн каалосун сөз аркылуу берүүгө умтулулат. Бөбөк жашында энеси менен мамиле түзүүгө болгон аракет «жазы түзүлүш» катары белгиленет. 5-6 айлык бөбөктүн чоздор менен болгон мамилесинде үн салуусун, былдыроосун М. Н.Лисина ситуативдүү – инсандык аракет деп белгилеген. 6-айдан кийин бөбөктүн чоздордун речин түшүнүүсү интенсивдүү өнүгүп, автономдук сүйлөө пайда болот. Алты айлык балада колдун кыймылдуулугу артат, заттарга, оюунчуктарга колун созуп кармап, алар менен аракеттенет.



Кабыл алуусу предметтүүлүккө өтөт, көрүү аркылуу кабыл алат. Эмоционалдык абалы активдешет. Жети айынан баштап эки башка зат же оюнчук менен аракеттенет. Мисалы, кашыкка шакекчени илет же таякчага оюнчукту илет. Жети-сегиз айлык бөбөктөрдө сөздү түшүнүү этабы пайда болот.



Эне ага куурчак кана? – деген суроо менен кайрылганда, бөбөк эненин сөзүн түшүнүп, башын буруп, көздүн кыймылы менен айтылган затты издөөсү, алгачкы речтик катнаштын элементин түзөт. Бул мезгилде бөбөктү төшөк, жаздыктар менен тосуп отургузуп койгон учур да кездешет. Мындай мамиле анын эмгектеп, басканын гана кечиктирбестен, аракетинин активдүүлүгүн төмөндөтүп, өнүгүүсүн кечиктирет. Кийинчерээк бала менен эненин чоз кишилердин карым-катнашы бирдиктүү аракеттердин натыйжасында турмушка ашат.



Чоздор балага заттар менен аракеттенүүнүн ыгын көрсөтүп, аны аткарууга жардамдашат. Мунун негизинде эмоционалдык мамиленин мүнөзү өзгөрөт. Карым-катнаштын таасири астында бөбөктүн активдүүлүгү артып жалпы жашоо жөндөмдүүлүгү жогорулайт, бул анын кыймылына, речине, сенсордук өнүгүүсүнө белгилүү дезгээлде шарт түзөт. Алты айынан баштап бала затты белгилеген сөз менен заттардын ортосундагы байланышты аныктоого жөндөмдүү боло баштайт. Мисалы, колуз кана?



– деп сураганда, колун кыймылдатат же көзүз кана? – десе көзүн жумат ж. б. Бөбөк 8-9 айында эз алгач чоз кишилер менен ойногонго кубанса, кийин ал оюн аракетине канаттанууга ээ болот. Чоз кишилер менен бөбөктүн бирдиктүү иш-аракетинде ымыркайда алардын аракетин тууроо жөндөмдүүлүгүнүн өнүгө башташы маанилүү. Бул окутуунун элементинин мүмкүнчүлүгүн жогорулатуунун көрсөткүчү.



8-9 айында бөбөк чоздордун кыймылын жана сөзүн байкайт. Башкалардын өзүнө көрсөткөн аракеттерин дароо кайра чагылдырбайт. Тууроо, кайталоо бир нече убактан кийин же көп ирет көрсөтүүнүн натыйжасында пайда болот. 9-10 айында бөбөктөр чоздордун көп аракеттерин кайталап туурай баштайт. Стол тазалаганды көргөндө бөбөк колундагы нерсе же оюнчук менен столду сүртөт.



Чоз кишилердин жетекчилиги астында баланын ээ болгон аракеттери анын психикасынын өнүгүүсүнүн негизин түзөт. Демек ымыркай куракта байкалган бөбөктүн психикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү, психикалык процесстер ж. б.өзгөчөлүктөрү жашоо шарттын, тарбиянын, окутуунун таасири астында түзүлөт. Бөбөктү чоз кишилер карым-катнаштын жагдайына өтө эле эрте катыштырат.



Карым-катнаш башка адамдын жекече өзгөчөлүгүнө багытталат. Бала төрөлгөндөн бир жумадан кийин, аларды изилдөөнүн негизинде төмөнкү эки шарт белгиленген. Биринчиден, ымыркайда энесинин багуусунда жана камкордугуна карата болгон объективдүү керектөө пайда болот. өзүнүн керектөөлөрүн канаттандыра албаган ымыркай чоз кишилердин жардамысыз жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.



Бул карым-катнашка болгон керектөө катары каралбайт. Бөбөк төрөлгөндөн баштап ыйлаганда, чыргоолонгондо чоз кишилердин жардамына муктаждыгы байкалат. Ымыркайда бул мезгилде карым-катнаш пайда болбогондуктан өзүнүн керектөөсүн чагылдырган белгилерди энесине багыттай албайт.



Экинчи шарт – чоз кишилердин жүрүм-турумун балага багытталышы алар ымыркайды орогондо, уктатканда ж. б. жагдайларда ага сүйлөйт. Эки, үч, төрт айлык ымыркайга энеси же жакын кишилери мээримдүү сүйлөп, эзкейип жылмайганда бөбөк бутун тыбырчылатып, үн салат. Мындай эмоционалдык байланыш жети минутка созулгандыгын психолог М. И.Лисина белгилеген.



Төрт-беш айында бөбөк энесин башкалардан ажыратып, аны көргөндө көздүн кыймылын багыттап, бир азга тынчып, анан талпынып, мындай аракет оз эмоциянын пайда болушун багыттайт, 5-6 айлык бөбөктө эмоция ар түрдүү дезгээлде чагылдырылат. Эз алгач чоз кишилер баланы карым-катнашка тартса, кийинчерээк бөбөктө башка кишилер менен карым-катнаш түзүүгө керектөө пайда болуп, анын каражаты иштелет. Бөбөктүн, кыймылынын активдүүлүгү, үн салуусу, күлгөнү, аракеттери карым-катнаштын пайда болушунун негизги каражаты. Ымыркай чоздордун карым-катнашынын каражаттарын тандалмалуу кабыл алат.



М. И.Лисина (35,21) үч айлык ымыркай карым-катнаштын сырткы өзгөчөлүгүн, жайдары сөздү кабыл алса, бир жашар бөбөк узак сүйлөгөн сөзгө терс эмоциясын чагылдырып, карым-катнашта чоздор менен бирдиктүү иш-аракетти түзүүгө муктаж боло тургандыгын белгилеген. Чоз кишилер бөбөктүн керектөөсүн канаттандыруу менен чектелбестен, аны аракеттенүүгө үйрөтүүдө биринчи учурда жылмайып, башын ийкеп, мактаса, экинчи учурда кабагын бүркөп, ачууланып бөбөктүн жүрүм-турумун баалайт. Мунун натыйжасында бөбөктө чоз кишилер менен карым-катнашка болгон керектөөнүн өсүшү менен бөбөктүн мүмкүнчүлүгүндө карама-каршылык пайда болот. Мындай карама-каршылык чоз кишилердин сөзүн түшүнүп ага ээ болуунун негизинде чечилет.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 1263, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу