Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Биргазан (Пеликан)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Биргазан (Пеликан)

Бул кушту чоң тумшугу жана анын алдындагы баштыкчасынан дароо тааныйсың. Ал чабытка чыкканда алды менен баштыкчасына балык толтуруп, андан соң олжосун шашылбай жейт. Биргазандын терисинин алдында аба баштыкчалары бар, ошондуктан ал сууга чүмкүй албайт. Бул куштардын тайыз жерлерде аң уулашы ошол себептен. Күрөң биргазан гана кыйла бийиктен тик ылдый учуп келип, сууга чүмкүй алат. Дарыяда аңчылык кылганда алар эки топко бөлүнүп, дарыяны туурасынан тосот да бири бирине улам жакындап, балыктарды сайроонго айдашат.

Деңизде же көлдө биргазандар тегерете туруп балыкты ортого айдайт. Же жарым тегерек болуп тизилип жээкти көздөй үркүтүшөт да тор менен сузган сымал чоң тумшуктары менен сузуп алышат. Чабытка чыккан кезде биргазандар балыкты үркүтүп катуу кыйкырышат. Бирок эс алып жатканда же уясынын жанында алар өтө сак келет. Биргазандар уясын адам оңойлук менен бара алгыс, саздак жерлерге салышат.

Жер шарында биргазандын сегиз түрү жашайт. Алардын ичинен тармал жана кызгылт биргазандар көбүрөөк кездешет. Тармал биргазандын мындай аталышынын себеби - башындагы жана мойнунун жогорку жагындагы жүндөрү узун, тармал болот. Ал - чоң куш, салмагы 13 кг, канатын жайганда кулачынын узундугу 2 мге жетет. Кызгылт биргазандын жүнү кызгылт түстүү.

Ал тармал биргазандан кичирээк: салмагы 10-11 кг. Дөдөй каз, кара каз, фрегат, фаэтон жана башка тукумдаштары сыяктуу эле бардык биргазандардын бутундагы төрт манжасынын ортосунда жаргактары бар: бул куштар калак менен кайык айдагансып сууну буттары менен серпип сүзүшөт. Ошондуктан алардын баары калак буттуулар деп да аталат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 536, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу