Биринчи май

Бул окуя 1886-жылы 1-майда Американын Чикаго шаарында болгон. Ал күнү жумушчулар күндөгүдөй ишке чыгышкан жок. Алар мындан ары күнүнө 10-15 сааттан иштеп, шаардын тар үйлүү, ыпылас чет-жакасында жашоону каалашпаган. Алар 8 сааттык жумуш күнүн киргизүүнү, эмгек акыларын көбөйтүүнү, турмуш шарттарын жакшыртууну капиталисттерден талап кылуу үчүн чогулуп көчөгө чыгышкан. Жумушчулардын койгон талаптарына капиталисттер ок менен жооп беришет. Бул окуя американын эмгекчилеринин кыжырдануусун пайда кылат. Бүткүл өлкө боюнча иш таштоо жана нааразылык билдирген демонстрациялар өтөт. Американын эмгекчилерин бүткүл дүйнөнүн прогрессчил адамдары колдошот. Кандуу жазага дуушар болгон Чикаго эмгекчилерине өздөрүнүн тилектештигин билдирип, Париж менен Лондондун, Берлин менен Москванын жумушчулары иш таштап, колдоруна кызыл желек көтөрүп чыгышат.

1889-жылы жумушчу партияларынын эл аралык бирикмеси - Экинчи Интернационалдын катышуучулары өздөрүнүн конгрессин өткөрүү үчүн Парижге чогулушат. Алар бул конгрессте Биринчи майды бүткүл дүйнөдөгү жумушчулардын тилектештигинин күнү, бардык өлкөлөрдүн эмгекчилеринин күжүрмөн күч-кубаттуулугун билдирүүчү эл аралык майрам күнү деп эсептөөгө токтом кабыл алышкан. Дүйнө жүзүнүн миллиондогон жумушчулары 1-май жумушчу табынын революциялык майрамы катары белгилөө жөнүндөгү сунушту кызуу колдошуп, бул майрам биринчи жолу 1890-жылы белгиленген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)