Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бишкек-Ош авто жолу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Бишкек-Ош авто жолу

Шаар базарларында, дүкөндөрдө эрте жазда пайда болгон өрүк, алма, жер-жемиштер кайдан келди - деп ойлойсуңар? Аларды теплицаларда өстүрүшөт, ошондой эле Өзбекстандан жана республикабыздын түштүк райондорунан ташып келишет. Ошол Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган, Улуу жибек жолунун бир бөлүгү - Бишкек-Ош жолу деп аталат. Бул жол менен ары-бери тынымсыз жер-жемиш, цемент, шифер, айнек сыяктуу курулуш материалдарын жана өнөр жай товарларын, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган машиналар кыйма-чийме каттап турат. Бишкек-Ош жол курулушу 1941-жылы башталып, 1965-жылы аяктаган. Анын жалпы узундугу 678 чакырым болот. Ошондон бери 40 жылга жакын убакыт өттү.

Ойлоп көргүлөчү, 40 жыл ичинде канча автомобиль ошол жол аркылуу өттү, канча жаан-чачын жаады. Демек, өзүңөр баамдагандай жолду оңдоого туура келет. Ошондуктан 1995-жылы Бишкек-Ош жолун реабилитациялоо долбоору түзүлгөн. Аны ишке ашырууга Иран, Түркия, Корея мамлекеттеринин жол куруучу адистери катышып, Япония, Америка, Азия банктары каржылоого көмөктөшкөн. Азыркы күндө жолдун көпчүлүк бөлүгү оңдолуп, жаркыраган кенен, ыңгайлуу жолдо кайрадан автоунаалар зымырайт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1140, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо