Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн айымдар

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн айымдар

Бөйөн белгисинде төрөлгөн айымдар эки типке бөлүнөт: татынакай, назик, кичине уялчаак жана тескерисинче өзүнө ишенген, жүгөнсүз жана текебердүү. Бирок көп учурда бул эки тарап тең өз сүйгөнүнө кээде бир жагы менен бурулуп туруучу сапаттарга ээ болуп, Бөйөн-айымдарда жашайт. Ошондуктан булардын чындыгында кандай экенин аныктоо, сүйгөнүнө оор болот, көп учурда табышмак бойдон калат.



Сын-пикирлерди адилеттүү кабыл албай, бул айымдар эч качан агрессивдүү жооп кайтарбайт, бирок бул аларды ичинен жарадар кылат. Ошондуктан Бөйөн-айымдарды кандай сөздөр же иш аракеттер жаралантып алаарын алдын ала айтуу абдан оор. Буларды түшүнбөй калуу жана кабыл албоо, түнттүгү жана коркунучу, бул айымдарды башкаруучу кылбай, баш ийүүчү кылат. Качан булар өзүнүнүн эмес, күйөөсүнүн үн жаңырыгы менен болгондо, көп учурда мындайлар үй-бүлөөлүк мамилелерге да залакасын тийгизет.



Дайыма термелүү абалында болуп, көп убакта өзүнө жана өзү жасаган ишке ишене бербейт. Бул ишенбестик булардын мээсинде өзүлөрү башкара алгыс коркунучтарды жок жерден жаратат. Бул айымдардын сүйгөнү абалдын таптакыр тескерисинче экенине дайыма түшүндүрүүнү аракет жасап, аларга кандайдыр бир ишенимдүүлүктү берип туруу керек. Чыныгы Бөйөн-айымдар кээде келесоолукка чейин барып, бир күндө бир нече жолу өзгөрүшү мүмкүн, бирок мүнөздүн мындай түйшүктүү жагына карабастан сырдуулук өзүнө тартат. Айтып коюуу керек, бул белгиде төрөлгөн айымдардын эң башкы коркунучу бул - аларды жетишээрлик сүйбөйт деген коркунуч. Булар өзгөчө көнүлгө жана сүйүүнүн тастыктоолоруна дайыма муктаж. Бул айымдардын дээрлик күчтүү экенине карабастан, бардыгын жеңүү үчүн, ырайымсыз дүйнөдөн көрүүнү талап кылган кичинекей наристенин маскасын кийип алышы мүмкүн, а чындыгында ички дүйнөсүндө камкордукту жана аярдыкты талап кылат.



Эгер Бөйөн-айымдар чындыгында бирөөнү сүйсө, анда ал сүйгөнүнө аягына чейин берилген болуп, дайыма өз сүйүүсүн чыныгы назиктик жана жылуулук менен көрсөтөт. Мындай учурда булар сезимдер менен ойнобой, өз сүйгөнү жана жакын адамдары үчүн терең сезимдерин сактоорго даяр. Бирок мындай айымдардын түгөйлөрүнө бир нерсени эсине тутуп алуу абзель, анткени, эгер булар бирөөнү сүйсө, ал сүйүүсүнө бутунан башына чейин толук ээлик кылганга умтулат. Бул кызганычтан эмес, өзүмчүлдүктөн десек жаңылышпайбыз. Жана бул өзүмчүлдүк агрессивдүү мүнөзгө ээ эмес. Мындай айымдар сүйгөнү кетип калса да, кайра кайтып келээрине ишенет. Бул назик ошол эле убакта туруктуу жана чыдамкай айым чыдамдуулук менен күтүп, өз максатына жетет. Дал ушул чыдамдуулук Бөйөн-айымдарынын мүнөзүндө басымдуулук кылган сапаттардын бири.



Бөйөн-айымдары үчүн эне болуу мезгили абдан маанилүү. Балдарынын камкордугуна толук берилип, күйөөсүнө көңүл бурбай калган сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок бул сыртынан эле ушундай сезилет. Өзүнүн жүрөгүндө мындай айымдар баардыгына орун табат. Бул кайраттуу айымдар өз үй-бүлөөсү жана чыныгы сүйгөн адамы үчүн баатырлык кадамдарга барууга даяр болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 594, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо