Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн жана бөйөн

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн жана бөйөн

Булар чынында эле бири-бирине абдан окшош, бирок булардын ортосундагы мамилелер роматикалуу эмес, достук мамиледе болушу мүмкүн. Эгер экөөнүн ортосунда никелешүү болсо, анда бул экөөнүн мүнөздөрүнүн типтери ар башка болот.



Бул экөөнүн ортосундангы жалпылыктар бул сезимдердин акыл-эстен бийик болушу, маанайдын дайым алмашып турушу жана "ай" ритмдерине көз карандуулугу. Эмоционалдуу ишенимсиздик жана тажаалдыкты, уруксат бермейинче жеке аймактарды бузбай, Бөйөндөргө болгон сүйүүнү булардын өнөктөшү эң жакшы түшүнөт. Бөйөндөр зодиак белгисинин эң сырдуу, эң сезимталдуу жана назик белгиси, бирок ошого карабастан булар эптүү, ишмердүү жана дайыма эмнени каалап турганын билишет.



Мамилелердеги жаш-курактын айырмачылыгы оң таасирин тийгизет, көп учурда чоң айырмачылык. Айым-бөйөндөр улуу өнөктөшүнө башкаруучу жана устат сезүүгө жол берип, ал эми кичүү болсо - кайрадан өзүн наристе сезүүгө жардам берет.



Чыгып калуучу маселелердин биринчи тизмесинде өз ара кандайдыр бир таарынычтар жана реалдуу фактыларга таянбаган окуялар болушу мүмкүн.



Экинчи орунга тамак-аш маселеси туруп калышы мүмкүн, анткени бөйөндөргө кайсы жерден, эмне тамак менен тамактануусу буларга баарыбир эмес. Бул маселе көптөгөн шашылыштарды жана сезимдердин дөңсөөлөрүн жаратышы мүмкүн.



Андан соң балдар маселеси. Бөйөндөр өз балдарына жакшынын жакшысын каалап, жашоодо эркин сүзүүгө кое бербей, өсүп келе жаткан өспүрүмдүн жашоодогу бардык иш-аракеттерин көзөмөлдөп, келечектеги келин баласына же күйөө баласына жогорулатылган талаптарды коет.



Маселелердин эң аякы тизмесинде жана өтө маанилүү эмес жагы бул - физикалык жакындашуу маселеси. Оюн артында булар өзүлөрүнүн чыныгы сезимдерин сыр кармайт, анткени экөө тең бирдей түшүнбөстүктөн жана баш тартуудан коркушат. Ошондуктан бири-бирине биринчи кадам жасоого мүмкүндүк берүүгө аракет кылат. Бирок эки бөйөн ортосунда башка бирөөгө алмаштыруулар сейрек кездешет, эгер мындай кырдаал болуп калса, анда буларда өнөктөшүнөн ашып тушуу каалоосун пайда кылат.



Үй-бүлөөдөгү ролдордун бөлүштүрүүсү жөнөкөй болот - аялы күйөөсүнө тамак даярдайт, күйөөсү - акча табат, бирок абалдын тескерисинче болуп калышы да мүмкүн. Булардын ар биринин банкта өзүнчө эсеби, акциялары, өз кирешеси жана акча коротуудагы өз эркиндиги болуусу абзель. Бирок бул өнөктөшүндө эмне болуп жатканын билбегендикти түшүндүрбөйт, анткени экөө тең өзүлөрүнүн сырларын сактоонун жана бири-биринин сырларын ачыкка чыгаруу боюнча адистер.



Бул никеде түзмө-түз карама-каршылыктар, өз ара күрөшүүлөр жок, бирок кээде күйөөсү адам чыдагыс зээриктирме болот. Бөйөндөр чыр-чатактан көрө, зээригүү жакшы деген ойдо болот, ал эми зэригүү менен күрөшүүгө болот эмеспи. Бул жаатта түгөйлөргө кыска мөөнөттүү жана алыс эмес саякаттар, маданий иш-чаралар жана спорт оюндары жардам берет.



Ошондой эле бул никеде экөөнө тең табыгый сырдуулукту жеңүүнү үйрөнүп алуу зарыл, анткени өзүлөрүнүн сырдуулукка болгон сүйүүсүнө карабастан, булар башкалардын да сырларын абдан жакшы көрүшөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 805, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу