Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөйөн жана кой

Баш барак | Гороскоп | Бөйөн жана кой

Мындай биримдик ийгиликтүү болот. Койлор жана Бөйөндөр - өз ара такыр башка белгидеги адамдар, бири-бирине тарткан бул түгөйлөрдүн бир болушунун негизги себеби ушунда. Кой жана Бөйөн белгисиндеги адамдарды өз ара бири-бирине кызыгуусу алга сүрөйт, анткени ар биринин ички дүйнөсү кол тийгизип кармап көрүүнү жана сезип көрүүнү жараткан табышмактуу дүйнө. Койлор өзүнө ишенимдүүлүккө, максаттуулукка жана өз максатына жетүү кежирлигине ээ. Кичине катуурак жана өтө жетиштүү. Бөйөн болсо, тескерисинче, жумшак мүнөзгө ээ болуу менен, сезимталдуулугу жана өзүнө ишенимдүүлүгүнүн аздыгы менен айырмаланат.



Бөйөндөр табышмактуулукка жана сырдуулукка ийимдүү. Койлордун бөйөндөргө өтө басымдуулук кылып, ачык-айкындуулукка баруусуна умутулуусу, бөйөндөрдүн итерип жиберип, бул түгөйлөрдүн ортосундагы мамилелердин салкындашына алып келиши мүмкүн.



Койлор бөйөндөрдүн үй-тиричилигин алып баруусун, үй-бүлөөлүк коломтонун сактоочусу катары көрөт. Үй-бүлөөнү камсыз кылуу жоопкерчилигин өз мойнуна алуу менен бөйөндөргө майда-чүйдө үй-бүлөөлүк суроолордун чечишине укук берет. Өз иш-аракеттеринде эркин жана активдүү болуу менен, Койлор үй-бүлөөлүк ролдорду оңой эле бөлүштүрүп, мындай бөлүштүрүүлөрдү туура деп эсептейт.



Айтып коюуу керек, эгер бүт үй-бүлөө жаатындагы иш-аракеттер жоопкерчилигин бөйөндөр өз мойнуна алса, бул түгөйлөр ортосунда эч качан түшүнбөстүктөр болбойт. Албетте, мындай роль көбүнчө аялдарга туура келет, ошондуктан мындай биримдикте Бөйөндөр аял киши болгондо мамилелер ийгиликтүү болот. Тескерисинче да болоорун эске алыш керек, бирок андай түгөйлөр аз кездешет.



Бөйөндөр үчүн Койлор, социалдык чөйрөдө ийгиликтүү адамдын символу болот. Өз өнөктөшүнүн сүйүүсү үчүн тиричилик түшүнүгүн кээде алмаштырып турган Койлорго, Бөйөндөр үчүн, сүйүүнүн материалдык жактан белгиленип турганды жакшы көрөөрүн унутпоо зарыл. Жана адаптация процесси дайыма эле кыйынчылыксыз өтө бербейт.



Бөйөн менен Койлордун биримдиги жоопкерчиликтердин так бөлүштүрүлгөн шарттында гана узак убаткытка созулат. Андай болбосо, бул түгөйлөр түгөнбөгөн чыр-чатактар менен камсыз болот. Үй-тиричилигинин камкордугун көрүү жана үй-бүлөөлүк жайлуулукту сактоону эки тарап тең болуштуруп алуу керек. Бул түгөйлөргө бардыгын чогуу жасоо абзель.



Бекем коломто куруп, эңсеген социалдык деңгээлге жана материалдык ийгиликке жетүү үчүн, Бөйөндөргө коломто сакчысы ролун алып барууга барыбир баш ийисү зарыл. Кызгануу жаатындагы чыр-чатактар бул түйгөлөрдө боло бермекчи, анткени Койлордун жогорулатылган мамилечилдигинен жана активдүүлүгүнөн качып кутулууга болбойт. Бөйөндөрдүн жана Койлордун мамиле ийгилигинин күрөөсү - бул биргелешкен максат, жана бул максатка жетүү, эки жактын биригүүсүндө чоң роль ойнойт.



Эгер Кой жана Бөйөн белгисиндеги адамдар үй-бүлөө бактысына ээ болуу үчүн баш кошууну чечишсе, бири-бирин түшүнүп жана бири-бирин кабыл алганды үйрөнүүгө зарыл болот. Койлор, Бөйөндөрдүн сезимталдуу дүйнөсүн түшүнүү керек. Бөйөн болсо, Койлордун билебергиз дүйнөсүн кабыл алуусу зарыл. Бирок, мүнөздөрдүн ар түрдүүлүгүнө жана жашоого көз караштардын ар башкалыгына карабастан - мындай биримдик, жакшы биримдик деп эсептелет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 729, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо