Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөкөнбаев Жоомарт (1910-1944)

Жоомарт Бөкөнбаев (1910-жыл, Мазар-Сай айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан — 1-июль, 1944-жыл, Чоң-Сары-Ой айылы, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан) — кыргыз акыны жана драматург, СССР Жазуучулар бирикмесинин мүчөсү (1934).

Жоомарт Бөкөнбаев
Жоомарт Бөкөнбаев
Төрөлгөн датасы16-май (тактоо), 1910-жыл
Төрөлгөн жериМазар-Сай айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан
Каза болгон датасы1-июль, 1944-жыл (34 жаш)
Каза болгон жериЧоң-Сары-Ой айылы, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
БилимиВ. В. Воровский атындагы Ленинград мамлекеттик журналистика институту
Ишмердүүлүгүакын, драматург
Чыгармачылык жылдары1927—1944
Жанрпоэзия, драма
Чыгармаларынын тилибасымдуусу кыргыз тили, кошумча орус тили
ДебютЭмгек башаты (Эмгектин башталышы)
ЖубайыТенти Адышева

Өмүр баяны

Жоомарт бүткүл өмүрүн, талантын эл-жерине, чыгармачылыкка арнаган патриот акын эле. Ал Токтогул Сатылганов, Эшмамбет Байсейит уулу, Коргоол Досуев аттуу төкмөлөр чыккан азыркы Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Мазар-Сай айлында 1910-жылдын 16-майында, ата-энеси Бөкөнбай Токонбаев менен Алтынай аттуу дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Эже-карындаштары дагы болгон, улуу эжеси Зияда, жана кичүү карындаштары. Акындын энеси чебер, уз кол өнөрчү болуп, элдик макал-лакаптарды, жомокторду жана кошокторду билчү.

Жоомарт беш жашында апасы өз эркине каршы Борбу Нуралиев аттуу байдын үчүнчү аялы болуп, атасын болсо өлтүрүп коюшат. Атасынан эрте ажыраган соң Жоомарт менен Зияда Борбу байдын кол астында чоңоюп, турмуштун көп кыйынчылыктарын башынан өткөрөт. Ар кимге жалданып кой дагы кайтарат. Ошондо болочок акын Арым жайлоосун нечен ирет аралаган. Көз жоосун алган кооз жайлоонун шылдырап аккан тунук булагы, учу-кыйырсыз көйкөлгөн талаасы, асман тиреген зоокалары акындын шыгын эрте ойготкон.

1924-жылы Бөкөнбаев ВЛКСМга кирип, Жалал-Абадга окууга кетип, аймактык комсомол комитети аны балдар үйүнө (интернат) киргизет. Ал жакта эки жыл болот. Билим алууга талпынган бала, адегенде Арым мектебинен, андан соң ошол Жалал-абадтагы Көгарт жетим балдар интернатында, 1926-жылы балдар үйү аны Оштогу педагогикалык техникумга жөнөтүп ошол жактан билимин улантат. Эки жылдан кийин техникумдун жетекчилиги баланын акындык талантын байкап, борбор калаага (ошол кездеги Фрунзе, азыркы Бишкек) окуусун улантууга жиберет.

1929-жылы Москвадагы Биринчи Бүткүл союздук пионерлер жыйынына катышат. Окуп жүргөн кезинде «Кызыл учкун» адабий кружогуна катышып, ошол эле убакта, «Кызыл Кыргызстан» газетасынын бөлүм башчысы кызматын аркалаган. Газеталардын редакциясында эмгектенүү, айылдар жана аймактарга иш сапарга чыгуу акынга өлкөнүн жашоосуна кириптер болууга мүмкүндүк берип, колхоздорду, мектептерди жана ликбездерди түзүүгө катышып, кыздарды калыңга сатууга жана уруулук кастыкка каршы сөздөрү менен эл алдына активдүү чыгып сүйлөп турган.

1932-жылы Большевиктердин бүткүл союздук коммунисттик партиясына (орусча ВКП(б)) кирген. 1933-жылдан 1935-жылга чейин Коммунисттик журналистика институтунда окуйт. 1935-жылы Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн соң узак жылдар бою газета-журналдардын редактору болуп иштеген. Алгач «Ленинчил жаш» гезатасынын редактору болуп, андан кийин көркөм-адабий жана коомдук-саясый «Советтик Кыргызстан» журналынын редактору болгон. 1941-жылы Советтик Армиянын катарына кошулуп, «Мекен үчүн, алга!» дивизиялык газетасында рекдакторлук кызматында эмгектенген.

1944-жылы кызматтык иш сапар учурунда Чоң-Сары-Ой айылынын аймагында автоунаа кырсыгында каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Жоомарт Бөкөнбаевдин курсташы Кубанычбек Маликовдун эскерүүлөрү боюнча Жоомарт орто бойлуу, жүзү кара-тору жана көздөрү ичинен жанып турган адам болгон делет. Мүнөзүн аныктоодо Маликов аны тепераменттүү, өтө таасирленүүчү, тез толкунданып кетүүчү адам катары сүрөттөгөн. Ошондой эле, ал мүнөзүнүн түздүгү, бетке айта билген, курсташтарына кайрымдуу болуп, дароо унчукпай калып, ойго батып кетүү адаты бар эле дейт.

Чыгармачылыгы

Жоомарт Бөкөнбаев Фрунзе техникумунда окуп жүргөндө андагы комсомолдук уюм «Балапан» аталган дубал газетасын жана кол жазма журналын уюштурганда чыгармалары чыга баштаган. Дээрлик ар бир номеринде Бөкөнбаевдин ырын же кыскача макаласын кездештирүүгө болоор эле. «Менин ырым», «Менин каным», «Биздин калем», «Ким кандай ырларды ырдайт», «Биздин план», «Жаңы Алай» сыяктуу ырларды жазып бай-манаптык идеологияга каршы күрөшкө катышып, эл алдынча чыгып жүргөн. К. Маликов, А. Осмонов, А. Токомбаевдин жана башкалардын эскерүүлөрү боюнча анын сөздөрү ачыктыгы жана жалындуу өтүмдүүлүгү менен айырмаланган. Бөкөнбаевдин эрте чыгармачылыгында изилдөөчүлөр анын Октябрь революциясына чейинки класстык мамилелердин бетин ачууга умтулуусун белгилешет, мындай нерсени анын «Үч карга» сатирасында байкоого болот.

Ошондой эле, эрте чыгармачылыгында аялдардын укуктары өзгөчө орунду ээлеген. «Жарыкка кел (чык)», «Карындашыма кат» жана «Камчыдан көз жаш» ырларында аялдарга болгон тирандыкты сындаган. «Камчыдан көз жаш» ырында үй-бүлө башчысы аялын сабап же кемсинтүүсүн чагылдырган.

1927-жылы Ош кантондук газетасында Жоомарттын «Жер алган кембагалдар» ыры чыккан. Бул ыр Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз элинин жашоосундагы жер-суу реформасына байланыштуу окуяга арналган. Токтогул Сатылгановдун ырларын эл арасынан чогултуп, жалпы кыргыз журтчулугуна тааныткан.

1933-жылы Жоомарттын «Эмгектин башаты» аттуу биринчи ырлар жыйнагы чыгып, мында жаңы замандын жарчысы катары акын Совет бийлиги, социалисттик курулуш, жумушчу-шахтёрлордун эмгеги жөнүндө ырларды жазган. Ушул жана андан кийин жыйнактардын ырларында акын кыргыз дехканчылыгынын тагдыры жөнүндө, республиканын жумушчу классынын жашоосу жана эмгеги жөнүндө баяндаган.

Анын «Жаз», «Жайдын кечи», «Эмгек», «Кеңеш көзүн ачты», «Забойщиктер» сыяктуу ырлары эл арасына кеңири тараган.

Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү ырлар Жоомарттын чыгармачылыгында бөтөнчө орунду ээлейт. Согуштун алгачкы жылдарында жазылган «Ата-Журт үчүн майданга!», «Антым», «Кош, Ала-Тоо уулуң кетти майданга», «Жүрөгүм менин Кызыл Туу» өңдүү ырлары Мекенди сүйүүгө, коргоого үндөп, жеңишке шыктандырган. Акын согуш талаасында болуп, алааматты өз көзү менен көрүп келген. Адам каны суудай агып, жер куйкалаган майдан акындын каңырыгын түтөткөн.

Бирок, ушундай апаатта жеңиш жаратып, алгалап баратышкан советтик жоокерлердин майтарылбас күчүнө, кетилбес эркине арнап «Ажал менен Арнамыс» аттуу поэмасын жазган, Бөкөнбаев кыргыз драматургиясына да зор салым кошкон. Бишкек шаарынын Эркиндик гүлбагынын түштүк тарабында акынга арналган эстелик турат. Эстеликти көргөндө таланттуу акын Алыкул Осмоновдун:

«Анын ыры таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле.
Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле» — деген ыр саптары эске түшөт.

Ошондой эле, Бөкөнбаев кыргыз акындарынын арасынан биринчилерден болуп республиканын эмгекчилеринин, энтузиасттарынын образын кыргыз адабиятына киргизген. 1930-жылдардын аягында «Кыз канаты» поэмасын жарыялап, мында жогорку билимге ээ болуп, учкуч болгон Сырга колхозундагы чабандын кызы сүрөттөлгөн. Бул чыгарма, ошондой эле «Мариям», «Капчыгайдагы окуя» сыяктуу башка поэмалары, композициясынын түз маанилүүлүгү жана сюжеттин конфликттүү эместиги үчүн сындалган.

Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгында чоң орунду философиялык лирика ээлеген. «Ойлонуу», «Карыянын сөздөрү», «Өткөнгө өкүнбө», «Жашоо» жана башка ушул сыяктуу ырларында акындын оптимизми байкалат. Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча Жоомарт Бөкөнбаев «Кыргыз Ала-Тоосу», «Жайкы кеч», «Жайдын күнү» сыяктуу ырларды жазуу менен кыргыз адабиятынын пейзаждык лирика жанрын ойлоп тапкан деген ойдо. Орустардын жазуучусу Лев Пасынков акындын «Комуз» (1947) аттуу жыйнагына табиятты чагылдыруудагы ийгиликтерин белгилеген:

«Табият менен алектенип, ал ар түрдүү табигый көрүнүштөр менен байланышкан образдык түшүнүктөрдү ишенимдүү аралаштырган... Жоомарт зыкым, таш боор табияттын, үн катпаган жарым чөлдүн, эңилчектин, таш бакалар жүргөн кумдардын катаал, кубанычсыз сүрөттөрүн кыска-нуска жазууну билген».

1930-1940-жылдары Бөкөнбаев бир катар белгилүү эпикалык жана драмалык чыгармаларды жараткан: «Кыздын канаты» поэмасы, «Алтын кыз», «Каргаша» музыкалык драмалары, «Семетей» пьесасы. Акын тарабынан «Токтогул» операсынын либреттосу жазылган. 1938-жылы Ж. Турусбеков жана К. Маликов менен соавторлукта «Манас» эпосунун мотивдери боюнча «Айчүрөк» операсынын либреттосу түзүлгөн. 1939-жылы кыргыз искусствосунун жана адабиятынын биринчи декадасында «Алтын кыз» жана «Айчүрөк» Москва көрүүчүлөрүнө көргөзүлгөн. Бөкөнбаев ошодой эле, «Ажал менен ар-намыс», «Чептен эрдин күчү бек», «Батмажан» жана башка ушул сыяктуу патриоттук чыгармаларды жана поэмаларды жараткан.

Бөкөнбаевдин он жети жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө жыйырмадай ыр китептер, поэмалар, драмалар жазылган, булардын бир катары орус тилине которулган. 1942-жылы акындын «Бул күндүн ырлары» аталган тандалма ырлар жыйнагы чыккан, 1947-жылы — «Комуз» жыйнагы, ал эми 1955-жылы — «Тандалма ырлар». Акындын көпчүлүк ырлары ата-мекендик адабияттын хрестоматиясына бекем кирген. А. Пушкиндин, М. Лермонтовдун, Н. Некрасовдун, В. Маяковскийдин бир катар чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Мындан тышкары «Бүркүттүн канаты» (1939) чыгармасы белгилүү.

Эстелик

Сыйлыктары жана наамдары

Эгектери

Кыргыз тилинде

  • Алтын кыз. — Ф.: Кыргызмамбас, 1933. — 18 б.
  • Эмгек төлү: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1933. — 25 б.
  • Ак алтын менен кара алтын: Ырлар жыйы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1934. — 40 б.
  • Добулбас: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1935. — 80 б.
  • Алтын кыз: Поэма жана ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1934. — 32 б.
  • Жоомарттын ырлары. — Ф.: Кыргызмамбас, 1936. — 178 б.
  • Алтын кыз: Поэма. — Ф.: Кыргызмамбас, 1938. — 79 б.
  • Комуз: Ырлар жыйнагы. — Ф.:
  • Кыргызмамбасс, 1938. — 142 б.
  • Айчүрөк: 6 сүрөттүү опера. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 16 б.
  • Алтын кыз. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 58 б.
  • Балдар үчүн ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 23 б.
  • Каргаша. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 31 б.
  • Токтогул. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 50 б.
  • Токтогулдун өмүрү. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 78 б.
  • Ырлар. — Ф.: Кыгызмамбас, 1939. — 212 б.
  • Айчүрөк: 6 сүрөттүү опера. — Ф.: Кыргызмамбас, 1940. — 16 б.
  • Токтогулдун өмүрү. — Ф.:
  • Кыргызмамбас, 1940. — 80 б.
  • Бүркүт таңшыды. — Ф.: Кыргызмамбас, 1941. — 66 б.
  • Шумкар ыры. — Ф.: Кыргызмамбас, 1942. — 51 б.
  • Ажал менен ар-намыс. — Ф.: Кыргызмамбас, 1943. — 38 б.
  • Кагылайын тууган жер: Ырлар жыйнагы. — Ф.: 1943. — 48 б.
  • Чабуул: Жаңы ырлар. — Ф.:
  • Ата-Журт үчүн майданга.-Ф.:1944
  • Кош, Ала-Тоо, уулун кетти майданга.-Ф.:1944
  • Кыргызмамбас, 1944. — 32 б.
  • Ырлар жана поэмалар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1946. — 355 б.
  • Чыгармаларынын толук жыйнагы: 2 томдук: 1-т. — Ф.: Кыргызмамбас, 1950. — 343 б.
  • Чыгармалар: 2-т. — Ф.: Кыргызмамбас, 1954. — 272 б.
  • Ажал менен ар-намыс: Поэма. — Ф.: Кыргызмамбас, 1958. — 76 б.
  • Чептен эрдин күчү бек: Ырлар, тамсилдер жана поэмалар. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. — 92 б.
  • Чыгармалар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1960. — 319 б.
  • Өмүр: Ырлар. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. — 136 б.
  • Кыргыздын Ала-Тоосу: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Мектеп, 1958. — 74 б.
  • Тандалган чыгармаларынын 2 томдугу: 1-2-т. — Ф.: Кыргызстан, 1973. — 532 б.
  • Алтын кыз: Драма. — Ф.: Мектеп, 1976. — 48 б.
  • Ажал менен ар-намыс: Поэма. — Ф.: Мектеп, 1979. — 40 б.
  • Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар. — Ф.: Кыргызстан, 1980. — 328 б.
  • Торгой менен жагалмай: Тамсилдер. — Ф.: Мектеп, 1983. — 28 б.
  • Тоголок жыйрма беште. Ф.: Кыргызмамбас, 1957г — 60 б.

Орус тилинде

  • Золотая девушка. — Ф.: Киргизгосиздат, 1936г. — 39 с.
  • Комуз: Избранные стихи. — М.: Сов. писатель, 1947г. — 95 с.
  • Избранные стихи. — Ф.: Киргизгосиздат, 1955г. — 68 с.
  • Избранное: Стихи и поэмы. — Ф.: Киргизгосиздат, 1958г. — 319 с.
  • Жаворонок и Ястреб: Басни. — Ф.: Мектеп, 1984. — 32 с.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 20528, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо