Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бобулов Камбаралы

Баш барак | Биографиялар | Бобулов Камбаралы

Бобулов КамбаралыБобулов Камбаралы 1936-жылдын 15-майында Ош облусуна караштуу, Ноокат районунун, Өсөр кыштагында жарык дүйнөгө келген (25.1.2003, Бишкек). Белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993). 1958-жылы Кыргыз Мамлекеттик Универститетинин (КМУнун) филология факультетин бүтүргөн. 1957-1962-жылдары «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1963-1965-жылдары «Правда» гезитинин атайын кабарчысы, 1966-1976-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, 1976-1984-жылдары Бүткүл союздук авторлордун укугун коргоо агентчилигинин (ВААПтын) Кыргыз Республикасы боюнча бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1992-2000-жылдары «Кыргыз тил коомунун» биринчи төрагасы болуп эмгектенген. Депутат катары анын кыргыз тилинин айрым көйгөйлөрүн чечүүдө талыкпай иштегендигин жалпы эл баалаган. Бобуловдун кыргыз адабий сынынын өнүгүшүнө кошкон салымы зор. «Окуучунун каты» (А. Токомбаевге ачык кат, 1956), «Оморчулук деген эмне?» (1957), «Азыркы адабий сын жөнүндө пикирлер» (1958), «Махабат баяны» (1959), «Адабий турмуш ойлору» (1965), «Кыргыз прозасындагы реализмди өнүктүрүү жолдору» (1969), «Адабият жана мезгил» (1973), «Сын жана адабий процесс» (1976), «Фольклор жана адабият» (1980), «Жаңы тилке» (1991) аталган сын макалалары жана жыйнактары жарык көргөн. Бул эмгектеринде кыргыз адабиятынын тарыхы менен андан кийинки абалынын ар кандай көйгөйлөрү, башка улуттук адабияттар менен карымкатыштары каралган. "Камбаралы Бобулов" 1969-жылы Орто Азия республикаларынын адабий сынчыларынын арасынан биринчи болуп Эл аралык сынчылардын бирикмесинин (МАЛК) мүчөсү катары шайланган. Чынгыз Айтматовдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Алыкул Осмоновдун, Токтогул Сатылгановдун чыгармалары жөнүндө сын макалалары кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн жана айрымдары болгар, араб, грузин тилдерине которулган. Жазуучунун «Түштүк кызы» (1962), «Эркинбек» (1963) аталган аңгеме, повесттеринде элет жашоо-турмушу, андагы жөнөкөй адамдардын жашоосу, өз ара мамилелери, балдардын дүйнөсү, жаштардын коомдон өз ордун табууга болгон далалаты чагылдырылат. Анын поэтикалык жыйнактары жарык көргөн, алар: 1971-жыл «Махабат аралы», 1977-жыл «Таң шоокуму», 1985-жыл «Акын кыялы», 1997-жыл «Арман китеп». Ал Хафиздин казалдарын, грузин акыны А. Чавчавадзенин, каракалпак акыны Бердахтын лирикаларын кыргыз тилине которгон. "Камбаралы Бобулов" 1996-жылы Даңк медалы менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 3395, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо