Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бодо малдарды бордоп семиртүү

Баш барак | Ветеринария | Бодо малдарды бордоп семиртүү

Бодо малдарды бордоп семиртүүдө алардын жашына жана түрүнө көңүл бурулат. Маселен уйларды бордоп семиртүүдө, байлоодогу уй саан уй эмес болушу керек. Эгерде бойлоодогу уй саалса, анын сүтү демейт дагы эттенүүсү начар болот. Ошондуктан уйду байлаардын алдында таза байытыш керек. Андан соң бордоодогу малга сапаттуу кесек, концентраттык жана кошумча тоюттарды даярдоо керек. Сапаттуу кесек тоют даярдоодо анын чабуу (оруп жыюу) мезгилине көңүл буруу зарыл, анткени беде же чөп болобу богок алган (бутанизация фазасы) же жаңыдан гүлдөй баштаган мезгилинде чабылып жыйылган болсо тоюттун сапаты жогору болот. Ал эми концентраттык тоютту болсо бир суткалык сарпталуучу тоюттун өлчөмүн беш-алтыга бөлүп берүү талапка ылайык, анткени малдын карынындагы уксус жана пропион кислоталарынын катнашын аныктоого туура келет.

Эгерде байланган малдын карынындагы уксус кислотасынын катнашы пропион кислотасыныкына караганда жогору болсо, тактап айтканда 3:1 болсо анда сүттүн көлөмү жогору болот. Ошондуктан пропион кислотасынын катнашын жогорулатуу керек. Жогоруда айтылгандай бир күндүк концентраттык тоюттун көлөмүн бешке же алтыга бөлсөк пропион кислотасынын өлчөмү жогору болот дагы, катнашы 2:1 болуп байлоодогу малыбыз жакшы жана тез семирет, анткени ички майлардын топтолуусу тездейт. Жогоруда айтылган тоюттардын түрлөрүнүн тышкары тамыры тоюттар (корнеплоддор) колдонулууда, алар тоют кызылчасы, кызыл кызылча жана картошка. Булардын ичинен кызыл кызылча артыкчылык кылат, анткени анын тоют бирдиги тоют кызылчасына жана картошкага салыштырмалуу жогору жана даам татымы жакшы.

Ал эми картошканы малга берээрде чебердеш керек анткени сөңгөгүндө, көгөргөн жеринде салонин деген уулу зат бар. Ошондуктан картошканы бышырып берген коопсуз жана жагымдуу болот. Азыркы мезгилдде көпчүлүк фермерлер эркек малдарды, тактап айтканда букаларды көп байлап жүрүшөт. Анткени букалардын базарда өтүмдүүлүгү жакшы жана этинин салмагы уйдукуна карганда көп. Малдарды байлоонун алдында аларды клиникалык текшерүүдөн өткөрүү керек, андан тышкары илдеттерден арылтуу зарыл. Малдарды илдеттерден арылтууда ветеринардык препараттарды колдонобуз. Альбен - уй баласына 50кг салмакка 1таблетка оозуна берилет. Клозантель 5% 1 мл 10 салмакка булчуң этине сайылат. Альбендазол – бир башка 1мл 10кг салмакка оозуна берилет. (Негизи антигельминттер жылына 4 жолу берилиши керек) Ивермек - 50килограмга 1мл тери алдына сайылат. Тривит, тетравит бир башка 5-6мл булчуң этке сайылат. Малдын организминдеги зат алмашууну жөнгө салууда Бутазолду бодо малдарга көлөмүнө жараша 15-25мл булчуңуна сайылат, 15 күндөн кийин кайталанат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 982, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу