Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бойду кантип остурсо болот

Үй шартында "бойду кантип остурсо болот"? Бойдун өсүүсүнө эмне таасир этет? Сымбаттуу адамдар узун бойлуу болуусу керек деген түшүнүк мурдатан бери адамдар арасында калыптанып калган. Кандайдыр бир деңгээлде аны стереотип катары кароого болот жана бул түшүнүккө каршы чыгуу өтө кыйын. Ошондуктан көпчүлүк адамдар узун бойлуу болуусун каалайт. Бирок бул нерсени практикада иш жүзүнө ашыруу канчалык деңгээлде мүмкүн болот? Көрсө, бул мүмкүн экен. Бойду өстүрүүнүн эки ыкмасы бар: биринчиси - сырткы көрүнүшү менен, экинчиси- практикалык (физикалык).

Бойду кантип остурсо болот.

  1. Маалымат.
  2. Бойдун өсүүсүнүн факторлору.
  3. Бойду өстүрүүнүн негизги принцибтери.
  4. Бойду өстүрүүчү көнүгүүлөр комплекси.
  5. Кошумча эрежелер.
  6. Бойду өстүрүүдөгү массаждын мааниси.
  7. Бойду өстүрүүдөгү зат алмашуунунун мааниси.
  8. Нормалдуу өсүүнүн көрсөткүчү.
  9. Атактуу кыска бойлуу айымдар.
  10. Атактуу кыска бойлуу мырзалар.
  11. Узун бойлуу мырзалар.
  12. Узун бойлуу айымдар.
  13. Жыйынтык.

Маалымат
Сырткы көрүнүшү менен бойду узун көрсөтүү үчүн кийимди, бут кийимди туура тандоо жана дене түзүлүшүн жакшыртуу үчүн айрым көнүгүүлөрдү жасоо жетиштүү болот. Ал эми экинчи жолу бардыгына эле туура келе бербейт. Өзгөчөлүктөрүн карап көрөлү.

25 жаштан (бул жашка жеткенде организм өсүүсүн токтотот) кийин бойду хирургиялык жол менен жана дары ичүү менен гана өстүрүүгө мүмкүн болуп калат.

Эгерде сиздин ата-энеңиздин бою кыска болсо, анда жогорудагы айтылган ыкмалар таасир бере албайт. Бирок бул эч качан таасир бербейт деп да айтуу кыйын. Кандай болсо да аракет жасап көрүү керек.

[ushka=seredina]

Эгер сизде спорт менен машыгууга медициналык жактан чектөөлөрүңүз болсо же омурткаларыңыз менен маселеңиз болсо, анда бой өстүрүүнүн кандай гана ыкмасын колдонбоңуз ал таасирин бербейт. Бир гана докторуңуз менен кеңешишиңиз керек.

Адамдын боюнун өсүүсү көптөгөн себептерге көз каранды. Аларга төмөндөгүлөрдү атап кетсек болот. Төрөлгөндө адамда эч кандай анык патологиялар жок болсо, анда анын комплекциясы организмдин табигый реакциясы болот. Тагыраак айтканда, оптималдуу параметрлердин нормалдуу иштөөсү үчүн учурдагы сырткы шарттар зарыл. Жыйынтыктап айтканда, жашоо шартты туура нукка буруу менен адамдын дене түзүлүшүн да өстүрүүгө болот.

Төмөнкү факторлор бойдун өсүүсүнө таасирин тийгизет. Алар:

  1. Тамактануу. Бойду өстүрүү үчүн витаминдерге бай тамак-аштарды көп колдонуу керек. Керектүү витаминдер: кальций, темир, фосфор жана белок.
  2. Булчуңдар. Жакшы өөрчүгөн булчуңдар, өзгөчө белдеги булчуңдар омурткага болгон жүктүн жарым бөлүгүн алууга жардам берет. Бул бойдун өсүүсүн бираз болсо да жеңилдетет.
  3. Ийкемдүүлүк. Бул биринчи кезекте тарамыштарга керек.
  4. Терс адаттар. Терс адаттар таптакыр болбошу керек. Кир экологиядан да организмге чоң терс таасирин алып келет.

Жогорудагы факторлордун негизинде бойду өстүрүүдө жана өнүгүүдө организмге жетиштүү деңгээлде жардам бере алабыз. Эгер жакшылап көңүл бурсаңыз биздин ыкмалар организмдин өсүүсүнө табигый жол менен жардам берүүдө. Дагы да олуттуу таасирлер доктордун сунушу менен гана ишке ашышы мүмкүн.

Бойду өстүрүүнүн негизги принцибтери.
Жогорку деңгээлде тышкы шартты жакшыртуу. Тагыраак айтканда, бардык терс факторлордон арылып, жалаң гана оң таасирлерди көбөйтүү керек.

Туура тамактануу.
Организмдин жакшы иштөөсү үчүн тамак сиңирүү жана зат алмашуу процесстерине көңүл буруу керек. Ошол себептүү тамак-аштын балансы тең салмактуу болуусу шарт. Бойду өстүрүү үчүн кальций жана темирди көп колдонуу керек. Акырындык менен күнүмдүк тамактанууга сүт азыктарын да кошуу зарыл. Бир гана сүт эмес, андан жасалган ар кандай тамактар: быштак, айран, сыр ж.б колдонуу.

Алма жана башка мөмө-жемиштердин составында темир көп болот. Бирок бул минералдар аздык кылат. Сөөктүн өсүүсү үчүн фосфор жана башка айрым витаминдер да талап кылынат. Бирок ошону менен бирге эле жалаң гана көрсөтмөлөргө баш ийүү менен балык жана сабиз жеп жата берген да туура эмес. Организмди витаминдер жана минералдар менен толтуруу пайдасынан көбүрөөк зыянын алып келет.

Бардык нерсе өлчөмү менен болуусу шарт. Ал эми белокко бай тамак-аш пайдалуу. Ал бир гана бойду өстүрүүгө эмес, булчуңдардын сөөктөрүнүн бекем болуусуна да жардам берет.

Оор жумуштарды бөлүштүрүү.
Бойдун өсүүсүндө өзгөчө жаш балдарда омурткага күч келген оор жумуштар олуттуу таасир этет. Эгер бала 18 жашка келип да, өзү теңдүүлөрдөн кыска болуп турса, анда аны акробатикага же оор атлетикага берүүнүн кажети жок. Бул абалда омурткага олуттуу күч келтирүү тыюу салынат. Бирок сүзүү оң таасирин берет. Бул бир гана жаш балдарга тиешелүү эмес. Сүзүү учурунда белдин булчуңдары активдүү иштей баштайт жана дене түзүлүшүнө жакшы таасирин берет. Муну менен белдин булчуңдарынын иштеши, омуртканын жогору тарабына эч кандай күч келбейт. Тагыраак айтканда эң коопсуз ыкма болуп саналат.

Чоюлуу.
Омурткаларга көнүгүү жасоо менен бирге булчуңдардын да ийкемдүү болушун шартташ керек. Ал үчүн чоюлуу көнүгүүлөрүн жасоо абзел. Бул учурда омуртка жана жамбаш сөөк булчуңдар менен иштөө жакшы таасир берет. Бул көнүгүүлөргө эң жөнөкөй түрү “бүгүлүү”, ал эми татаалы “көпөлөк” позасында туруу.

Дагы бир пайдалуу, бирок талкуу жараткан көнүгүү - түз туруп, бутту жыйнап, колду дененин эки капталына кысып, баштын жардамы менен жогору карай чоюлуу керек. Эң негизгиси бутту полдон үзбөш керек.

Бойду өстүрүүчү көнүгүүлөр комплекси.
Бойду өстүрүү маселеси аябай актуалдуу. Окумуштуулар бул маселе боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жургүзүп келүүдө. Изилдөөнүн негизинде окумуштуулар адамдарга бойду өстүрүү үчүн көптөгөн ар түрдүү көнүгүүлөрдү ойлоп табышкан. Ал көнүгүүлөдүн дээрлик баары жеңил жана аларды ар кандай жашта, ар кандай физикалык деңгээлде жасай алышат. Мүмкүн болсо, төмөндөгү көнүгүүлөр комплексин же жок дегенде бирөөнү күнүнө 10-15 мүнөттөн жасап туруу керек.

  1. Турникке тартынуу. Жөн гана тартынбастан бутка оор нерсени байлап тартынуу керек. Ал үчүн жүктүн салмагын тууралаңыз. Бул сиздин турникте 15 секунда карманып турууңузга жардам берет. Көнүгүү учурунда турникте бир минутага чейин тартынып туруңуз. Керектүү бир убакытты белгилеп алыңыз да, андан ашып кетпөөгө аракет кылыңыз.
  2. Тегирмен. Полго түз туруңуз, бутуңузду ийиниңиз менен тең кылып ачыңыз. Алдыга карай ийилиңиз, колдоруңузду ылдый таштаңыз. Эми эки колуңузду бирдей, бир тарапка айландырыңыз. Эки колуңуздун аралыгы бир метр болуусу керек. 20-40 жолу жасаңыз.
  3. Неваляшка. (орустардын салттуу оюнчугу). Түз туруп, башты оңго, солго ийиңиз. Бул учурда ийиндерди бир калыпта сактаңыз. Ар бир тарапка башыңызды 10 жолудан ийиңиз. Бир калыпта, жай дем алыңыз. Күтүүсүздөн кыймылдап жибербеңиз. Булчуң байламталарыңызды максималдуу түрдө чоюууга аракет кылыңыз.
  4. Түз туруп, бутту бириктирип, колду жогору көтөрүү менен алаканыңызды бириктиресиз. Акырындык менен буттун учуна туруп, колуңуз менен болушунча жогору чоюлуңуз. Кийин кайрадан бутуңузга туруңуз. Мындай көнүгүүнү 15 жолу жасаңыз.
  5. Полго буттарыңызды кайчылаштырып отуруңуз. Колуңузду бириктирип көкүрөгүңүзгө коюңуз. Андан соң акырындык менен колуңуздү өйдө көтөрүңүз жана бүтүн денеңизди чоюңуз. Ошондой абалда бир нече секунд туруңуз. Кийин колуңузду кайрадан көкүрөгүңузгө алып келиңиз.15 жолу жасаганга аракет кылыңыз.
  6. Бул көнүгүүнү аткаруу үчүн сизге гимнастикалык шар (фитбол) керек болот. Шарды полго коюп, үстүнө көкүрөгүңүз менен жатыңыз. Эки тарабынан эки колуңуз менен кармаңыз. Бутуңузду аркага чоюуу менен өзүңүзгө туруктуу абалды кармап туруңуз. Андан соң моюн, бел, жамбаш сөөк бир калыпта чоюлганга чейин башыңызды жогору көтөрүңүз. Ошол эле учурда колуңузду белиңизге алып болушунча жогору көтөрүүгө аракет кылыңыз. Мындай жол менен далыңыз ажырашы керек.
  7. Сизге кадимкидей отургуч керектелет. Муну менен бирге досуңуздун жардамы же болбосо атайын гиперэкстензия да керек болот. Алгач отургучка бутуңуз отургучка болгондой жана белиңизден жогорку бөлүгү отургучка тийбей тургандай болуп ичиңиз менен жатыңыз. Досуңуздан сиздин бутуңузга отуруусун сураныңыз. Тулку боюңузду бутуңуздан жогору көтөрүү үчүн ичиңиздин жана белиңиздин булчуңдарына күч жумшаңыз. Бул көнүгүүнү канчалык күчүңүз жетсе, ошончо жолу жасаңыз. Бирок 20дан ашпоосу керек. Гиперэкстензияны колдонуу менен сиздин бутуңуз жакшы бекемделет жана сырттан эч кандай жардамдын кереги жок болуп калат.
  8. Ичиңиз менен жатыңыз, бутуңуздун учун чоюңуз, колуңузду башыңызга коюңуз. Бир убакта сол кол менен оң бутуңузду көтөрүңүз. Омурткаларыңыздын чоюлганын байкаңыз. Андан соң ушул эле кыймылды кайра кайталаңыз. Аларды мүмкүн болушунча көпкө чейин кармап туруңуз. Ар бир кол жана бутуңузга 4 жолудан жасаңыз.
  9. Түз туруп, бутуңузду ийиниңизге чейин ачыңыз. Андан соң төмөндү карай эңкейиңиз да эки колуңуздун учу менен жерге тийгенге аракет кылыңыз.
  10. Полго отуруп эки бутуңузду эки жака болушунча чоюңуз. Ирети менен алгач бир бутуңузга, кийин башка бутуңузга карай чоюлуңуз. Ар бир бутуңузда 20 секунд турууга аракет кылыңыз. Белиңиздин жана буттарыңыздын булчуңдары чоюлуп жатканын байкаңыз. Ар бир бутуңузга 4 жолудан эңкейгенге аракет жасаңыз.
  11. Түз туруп жогору карай секириңиз. Колуңуздан келишинче бийик секирүүгө аракет кылыңыз. 20 жолу секиргенден кийин, бираз дем алыңыз. 5-10 жолу жасоого аракет жасаңыз. Бул көнүгүү бойду өстүргөнгө жардам берет. Ошону менен бирге белдин, ичтин жана буттун булчуңдарын ийилчээк кылууга да өбөлгө түзөт.

Кошумча эрежелер.
Көнүгүүлөр арасындагы эс алуу минималдуу түрдө болуусу шарт. Бир мүнөттөн ашпоосу керек. Бул сиздин көнүгүүлөрдү жасооңузга чоң жардам берет.

Жумасына 2-3 жолу машыгып туруу керек. Көнүгүүлөргө эң аз 10-15 мүнөт бөлүңүз. Эгер убактыңыз болсо, андан да көп машыксаңыз болот. Бул сиздин жыйынтыкка батыраак жетүүңүзгө көмөчү болот. "Бойду кантип остурсо болот" деп санаага батпагыла.

Жумасына 5-6 жолу жана бир күндө 1 сааттан көп машыгуунун да кереги жок. Бул учурда көнүгүүлөр сизге бат эле тажатма болуп калышы мүмкүн. Эң жакшысы өзүңүз үчүн машыгыңыз жана эс алууну да унутпаңыз. Бул нерселерди аткарбасаңыз анда спорт бат эле милдетке айланат. Ал эми бул сизге жакшы нерсени алып келбейт.

Көнүгүүлөрдү ирети менен күндөргө бөлүп алсаңыз болот. Биринчи күнү бир түрү, экинчи күнү дагы башка түрү менен машыгасыз. Мындан сырткары айланма машыгуу жасасаңыз да болот. Бул машыгуу бардык көнүгүүлөрдү бир жасоо менен коштолот. Бул сиздин машыгууңузга ар түрдүүлүктү кошот. Аны кызыктуу жана жагымдуу болуусуна шарт болот.

Бойду өстүрүүдөгү массаждын мааниси.
Физикалык көнүгүүлөргө массаж да пайда алып келет. Бирок муну адис адамдар гана жасашы керек. Массаж бир гана белдин булчуңдарын тонуста (организмдин же айрым ткандардын тиричилик аракеттери) кармап турбайт, ал омурткалардын түздөлүүсүн да камсыздайт. Боюнун өсүүсүн каалагандар үчүн бул ыкма аябай эффективдүү болуп саналат. Керек болсо 25 жаштан жогору адамдарга да таасирдүү болот. Бир гана туура тамактануу жана көнүгүүлөрдү аткаруу менен бойду өстүрүү жетишсиз. Заманбап медицинанын жардамы менен гормоналдык даарыларды ичүү да бойдун өсүүсүн камсыздайт. Сизди эскертип коюу керек, жогорудагы ыкма талкуу жаратуу менен бирге олду толгус кесепеттерге да дуушар кылышы мүмкүн. Гормондук дарыларды бир гана дарылап жаткан докторуңуз ден-соолугуңуз же өнүгүүңүз бузулса гана сунушташы мүмкүн.

Бойду өстүрүүдөгү зат алмашуунунун мааниси.
Бойду өстүрүү үчүн жогорудагы аталгандардан да маанилүүсү пайдалуу азыктарды сиңдирүүдө бүтүн организмдин туура иштөөсү керек. Зат алмашуунун оң таасири тамак-аштан башка денени чыйралтуу да кирет. Ал үчүн кышында муз тешигине түшүүнүн кажети жок. Эң жөнөкөй процедуралар бар:

Муздак суу менен сүртүнүү. Денени чыйралтуу үчүн жөнөкөй жана жеңил жолу. Эрте менен карама-каршылыктуу душ алуу (контрастный душ - алгач жылуу суу менен куюнуу, бара-бара суунун температурасын бираз жогорулатып 30-90 секунд куюнуу. Андан соң дароо 30-90 секунд муздак суу куюнуу). Бул ыкма бир гана денени чыйралтууга жардам бербестен, дененин ойгонуусуна да жардам берет. Үйдө жылаңаяк жүрүү. Бул муздак полдо басуу дегенди билдирбейт. Мында таманда чоң көлөмдө нерв учтары топтолгон. Ал эми жылаңаяк басуу бул өз алдынча денеге болгон массаж саналат.

Жогорудагы аталган бардык ыкмаларга кошумча катары эң жөнөкөй ыкма-эс алуу жана уйку саналат. Бул “түшүмдө учуп жүрүптүрмүн” деген менен эч кандай байланышы жок. Тагыраак айтканда түз мааниде байланышы жок. Убак сааты менен уктоо жана уйку режимин бузбоо (7-9 саат) менен дене калыбына келет жана эс алат. Муну менен бирге керек болгон алмашуу процесстерди калыбына келтирет. Бойдун өсүүсүнө да түрткү болот. Жогорудагы аталган ыкмаларды туура колдонуу менен узун болуп чоңоюңуз!

Нормалдуу өсүүнүн көрсөткүчү.
Убакыт өткөн сайын ар бирибиз боюбуз жана салмагыбыз нормалдуубу, же бойду өстүрүү керекпи же болбосо арыктоо керекпи деген нерселер жөнүндө билгибиз келет. Бул суроолорго жооп берүү үчүн тигил же бул жашка туура келген, нормалдуу деп эсептелген таблица түзөлү. Негизи бул таблица европа улутундагы адамдарга адистер тарабынан эсептелинип чыккан, бирок азиаттар үчүн айырма бираз эле дешет.

Балдар үчүн

Толук жашыБою (см)Салмагы (кг)
10133-14228-35
11139-14831-40
12144-15534-45
13150-16138-51
14156-16843-57
15163-17448-63
16167-17854-70
17172-18260-74

Кыздар үчүн

Толук жашыБою (см)Салмагы (кг)
10134-14328-35
11140-14931-39
12146-15436-45
13152-16043-53
14155-16448-58
15157-16651-60
16158-16752-61
17159-17053-62

Эгер сиздин көрсөткүчүңүз таблицада берилгенден айырмаланып турса, анда көп тынчсызданганга кажет жок. Мындай куракта адам бат өзгөрүп турат. Организмге туура тамактануу жана дени сак жашоо менен жардам бере аласыз.

Бойлору эң узун жана эң кыска болгон атактуулар.
Эске сала кетсек, бойду өстүрүү үчүн жасалган көнүгүүлөр сизге болгону бираз жардам бериши мүмкүн. Укмуштуудай жыйынтыктарды күтпөй эле коюңуз. Негизи эле кыска бойлуу болгон жаман деп ким айтыптыр? Көптөгөн атактуу адамдар өздөрүнүн кыска бойлуулугуна карабастан жакшынакай көрүнүшөт жана өздөрүн эң сонун сезишет. Бой- адамдагы эң маанилүү нерсеси эмес жана ал эч кимге ийгиликке жетүүсүнө тоскоол болгон эмес.

Атактуу кыска бойлуу айымдар:

  1. Сальма Хайек - белгилүү актриса, бою - 157см.
  2. Кайли Миноуг - белгилүү австралиялык ырчы, бою - 152см
  3. Шакира - 156см
  4. Леди Гага - 155см
  5. Джада Пинкет Смит - 152см
  6. Вайнона Райдер - 160см
  7. Эмилия Кларк - 155см
  8. Ариана Гранде – 156см
  9. Олсен эгиз сиңдилер - 156см
  10. Ким Кардашьян – 159см

Атактуу кыска бойлуу мырзалар:
Атактуу эркек кишилердин арасында жогорудагы аталган кыска бойлуу айымдардан да бойлору кыскалары бар. Алар:

  1. Юрий Гагарин – космоско учкан биринчи киши. Атактуу кишилердин бири, бою 157см болгон. Владимир Ленин, Иосиф Сталин, Дмитрий Медведев, Николя Саркози – баарынын бою 160см ден бираз узун. Узун бойлууларга салыштырмалуу кыска бойлуу адамдарда мамлекеттик ишмер болуу шансы көбүрөөктөй сезилип жатат.
  2. Александр Сергеевич Пушкин – 161см
  3. Михаил Галустян – 163см
  4. Дэниэл Редклифф – 165см
  5. Дастин Хоффман – 166см
  6. Роберт Дауни, Марк Уолберг – 170см чамасында
  7. Денни де Вито – болгону 155см бою бар.

Узун бойлуу мырзалар.
Эгер сизди узун бойлуулугуңуз тынчсыздандырып жатса, бирок ошого карабастан ушул сапка чейин окуп жетсеңиз анда сизди да кийинки тизме менен кубандыра алабыз.

  1. Лиам Нисон – 193см
  2. Крис Хемсворт – 191см
  3. Том Уэллинг – 191см
  4. Дольф Лундгрен – 196см
  5. Бен Аффлек – 192см.
  6. Владимир Кличко – 198см. Ал эми анын суйкайган сулуу, атактуу актриса болгон жубайы Хейден Панеттьеринин бою болгону 153см. Бул нерсе аларды бир грамм да уялтпайт.
  7. Алп жана мыкты баскетболист Шакил О`Нилдин бою 216см ди түзөт. Ал бир гана мыкты спортсмен эмес, комментатор, актёр жана мыкты куудул, америкалык көңүл ачуу телешоулордун дайымкы катышуучусу.

Узун бойлуу айымдар.
Ал эми айымдардын арасында да ойго келбеген узун бойлуулар бар:

  1. Шарлиз Терон, Джулия Робертс 180см.
  2. Фамке Янссен – 183см
  3. Сигурни Уивер – 182см
  4. Бриджит Нильсен – 185см
  5. Ума Турман – 184см
  6. Гвендолин Кристи – 191см.

Жыйынтык.

  1. Бойду эки ыкма менен өстүрүүгө болот: сырткы көрүнүшү менен жана прктикалык (физикалык)
  2. Адамдын боюнун өсүүсүнө жардам берген факторлор: туура тамактануу, белдин булчуңдарын өсүүсү, ийкемдүү тарамыштар жана жаман адаттардан арылуу.
  3. Бойду өстүрүү үчүн гормондук дарыларды бир гана доктордун сунушу жана көзөмөлү алдында ичүү керек.
  4. Организмдин өөрчүүсү жана бойдун өсүүсү үчүн зат алмашуу эң маанилүү болуп саналат.
  5. 25 жашка чейинкилер үчүн керектүү көнүгүүлөр жакшы таасир берет.
  6. Машыгууну жасаардан алдын бираз даярдык көрүү керек. Жумасына 2-3 жолу машыгып туруу керек
  7. Узун бой – ийгиликтин ачкычы эмес, ага жетүүгө кыска бойдун эч кандай зыяны тийбейт.
  8. "Бойду кантип остурсо болот" деп көп ойлонбогула, стресстик абалга кириптер болбогула, башынарды маң кылбагыла.

Жайгаштыруу: 2018-02-13, Көрүүлөр: 32063, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-07-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо