Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Боёо

Боёо 1) колөнөрчүлүктө жүн, кийиз, тери жана жыгачка түрдүү түс берүү. Боёлуучу буюм менен боёктун сапатына, касиетине жараша бойонун түрдүү ыкмалары колдонулат. Чеберлер кийиз оюмдарын, сайма, килем, таар, чий көчөттөрүн, түймө чачыктарын, тери буюмдарын жана башкаларды жасоодо буюмду кызыл, жашыл, көк, кара түстөгү боёкторго боёп, кооздуктарды жаратышат. Ар кандай буюмду боёнун ыгын билген боёкчу табигый боёкторду (ышкын түп, чие, тоо талы, шилби, бөрү карагат, алманын күзгү жалбырагы, чөөл чүкүрү, анардын кабыгы, жошо жана башкалар) пайдаланат. Мисалы, ышкын түп менен боёо үчүн кеч күздө тоодон казып, кабыгын кырып, кертипкертип кургатып, жыгач сокуга жанчат. Теринин бетин жибитип, ага чыланган ышкын түптү текшилеп жаап, ороп коёт. Боёк бир топ күндө сиңет. Кийиз жана жүн буюмдары чиенин тамырынан жасалган боёктон кызыл түскө, бөрүкарагаттын кургатылган тамырынан сары түскө боёлсо, жошо боз үйдүн жыгачтарын боёгонго колдонулат, 2) химиялык жол менен текстиль материалдары, кагаз, тери жана пластмассаларга түс берүү.\

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)