Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бокс

Боксёрдун соккусунун күчү канчалык? Муну өтө так билүүгө болот. Боксёр атайын прибордун кайыш жаздыкчасын муштайт. Пружина жыйрылып, анын жебеси пружинаны кандай күч кысканын көрсөтөт. Бокс менен машыкпаган адамдын соккусунун күчү 60-80 кг болот, ал эми айрым боксёрлордун муштумунун согуу күчү 300 кгга чейин жетет. Мындай сокууга кабылган адам эмне болоорун элестетип көргүлө, же жөнөкөй мисал: 300кг келген капты үстүңөргө таштаса аны көтөрө аласыңарбы? Боксёрдун соккусу абдан күчтүү болот, анткени ал колу гана эмес, бүткүл денесинин салмагын салып урат. Мындай күчтүү соккудан боксёрдун өз манжалары жабыркап, атаандашы жарадар болушу да мүмкүн. Ошондуктан боксёрлор беттешүүгө чыгар алдында колдорунун манжаларын бинт менен бекем ороп, кыл толтурулган мээлей киет.

Ошол себептүү атайын мелдештерде бирдей салмактагы боксёрлор гана беттештирилет. Эң жеңил салмактан (48 кгга чейинки) оор салмакка (81 кгдан ашык) чейинки аралыкта 11 салмак категориясы бар. Киндиктен төмөн, желкеге жана аркага урууга тыюу салынган. Азыркы учурда профессионалдык бокс да кеңири тароодо. Анда спортсмендердин ден соолугуна коркунучтуу одоно эрежелер кездешет. Спорттук бокс ар бири 3 минутага созулуучу үч беттешүүдөн (раунд) турат. Аянттын (рингдин) төрт жагындагы калыстардын эсеби боюнча атаандашына таамай сокку уруп, көп упай жыйнаган же анын күчтүү соккусунан атаандашы кулап түшүп (нокаут), андан ары беттешүүнү уланта албаса, ал жеңүүчү деп эсептелет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1262, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо