Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Болгария

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Болгария

Болгарлар түштүк славян элдерине кирет. Алар байыртадан эле Балкан жарым аралынын түндүк-чыгышын мекендешкен. Бирок өзүнүн бүткүл тарыхында көз каранды эместик үчүн адегенде Византия, кийин Осмон түрк империясы менен күрөш жүргүзүүгө туура келген. 500 жылдай түрктөрдүн эзүүсүндө болгондугуна карабастан, алар чыгыш славяндардын (орус, украин жана белорустардын) маданиятына өтө жакын өз маданияты менен жазуусун сактап кала алды. Болгар алфавитин түзүүдө мындан эки миң жылдай мурун түзүлгөн байыркы славян алиппеси - кириллица негиз кылып алынган. Орус алфавити да ошол алиппенин негизинде түзүлгөн. Ошондуктан София (мамлекеттин борбору), Пловдив, Варна шаарларынын көчөлөрү менен өтүп баратып, имараттардын маңдайына илинген көрнөктөрдөгү жазуулардын дээрлик бардыгын окуп түшүнүүгө болот. Жайында окуу жылы аяктар менен болгар окуучулары өз өлкөсүн кыдырып көрүүгө саякатка чыгышат. Алар Балкан тоолорундагы Шипка ашуусуна барышат.

Бул жерде 1877-жылы болгар жерин бошотуу үчүн түрк аскерлери менен салгылашкан орустун эр жүрөк жоокерлеринин урматына эстелик тургузулган. Мурун Болгария Европадагы эң артта калган өлкөлөрдүн бири болгон. Жада калса орок, чалгы, ийнени да чет мамлекеттерден алып келүүгө мажбур болушкан. Ал эми азыр болгарлар болот менен коргошунду өндүрүп, трактор менен автомобилдерди, прибор менен станокторду, көтөргүч кран менен деңиз кемелерин өздөрү жасап чыгарышат. Болгар дыйкандары жүгөрү, буудай, шалы, пахта өстүрүшөт. Бирок алар жүзүм, помидор, калемпир, бадыраң сыяктуу жашылча жемиштери менен даңкы чыккан. Аларды консервалап атайын автопоезд, учак менен көптөгөн чет мамлекеттерге жөнөтүп турушат.

Ал эми Болгариянын борбордук бөлүгүндөгү тоолордун арасындагы ойдуңдарда роза майын алуу үчүн эгилген роза плантациялары жатат. Өлкөдө ошондой эле туризм да тездик менен өнүгүүдө.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1320, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу