Bootstrap(фреймворк)

Bootstrap(Twitter bootstrap катары да таанымал)-сайттарды жана веб тиркемелерди түзүүдө колдонулуучу эркин куралдардын жыйындысы. Өзүнө типографика үчүн HTML жана CSS кооздоо калыптарын, веб-тариз, баскычтарды, белгилерди, навигация блокторун, веб-интерфейс курамчаларын жана Javascript-кеңейтилиштерин камтыйт. Bootstrap HTML жана CSS тармагындагы эң заманбап иштелиштерди колдонгондуктан, эски браузерлерде иштебей калуусуна көңүл буруу керек. Bootstrap фреймворку Twitter компаниясынын ички китепканасы катары алгачкы ирет Twitter Blueprint деген аталышта иштеп чыгарыла баштаган. Көп өтпөй 2011-жылы 19-августта Bootstrap деген аталышта чыгарылган. 2012-жылы 31-январда толукталып чыккан экинчи нускасында 12 катарлуу тор жана адаптивдүүлүктү колдоо пайда болгон. 2013-жылы 19-августта үчүнчү нускасы чыккан. Бул нускада адаптивдүүлүк андан ары өнүгө баштаган, уюлдук түзмөктөрдү оптималдаштыруу үчүн mobile first түшүнүгүнө өтүү ишке ашкан. Унчукпоо боюнча дизайны жалпак болуп калган. 2014-жылы 29-октябрдан баштап төртүнчү нуска ишке киргизилген. Альфа нускасы 2015-жылы 29-августта ишке кирген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)