Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бооз бээни багуу жана тоюттандыруу

Баш барак | Ветеринария | Бооз бээни багуу жана тоюттандыруу

Жаңы боозуган кезинен баштап эле бээлер эң мыкты шартта багылып, толук кандуу тоюттандырылышы керек. Бээлерди атканаларда бакканда ал жер кенен, кургак, желдеп турган жана жарык имарат болгону максатка ылайыктуу. Эгерде короо жылууланган болбосо, анда алдына төшөгөнгө кашек, саманды салып, бээлерге болсо чөптөн арбыныраак берүү зарыл.

Бээлердин рационуна азык заттар, микроэлементтер жана витаминдерден арбын кошулган ар түрдүү тоюттарды киргизүү сунушталат. Аларды ашыкча семиртип жиберүүгө да, арыктатып жиберүүгө да жол бербөө керек. Жайында рационунун негизги бөлүгүн жайыттардагы жем-чеп түзсө, короодогу убагында - жогорку сапаттуу чөптөр түзөт.

Тирүүлөй салмагы 500-550 кг болгон минип жүрүүчү жана таскактуу тукумундагы бооз бээлердин болжолдуу рациону (бир башына суткасына килограмм менен)

ТоютБооз (9 ай)Кулун эмгизген
Ар түрдүү чөп, кг910
Сулуу33
Жүгөрү12
Арпа11
Күн жара-1
Улпак11
Премикс0,20,3
Туз, г3340

6-7 айлык бооз кезинен баштап бооз бээлердин рационундагы концентраттарды 1-2 килограммга көбөйтүү керек. Бул учурда апарга улпактардан, сулудан, зыгыр майдын уругунан жасалган ботко жасап берүү сунушталат, мындан тышкары сабиз (күнүнө 2 килограммдан), минералдык-витамин кошулмаларын беришет. Күндүз өндүрүлгөн дандарга (буудай, кара буудай, сулу) кошуп концентраттар берилет. Витаминдешкен тоюттарды бээлерге аз-аздап көндүрүп бере баштаган туура: 1 баш малга суткасына 50 граммдан берип баштап (кургак дан менен), 300 граммга чейин жеткирүү керек. Бооз бээлерге вика чөбүн, барда жана жом жана кара күрүч (гречка) саманын, жана ошондой эле кычкыл, киргилт, чирикжана паразит грибоктору жуккан тоюттарды бергенге такыр болбойт. Мындай тоюттар бээлердин ичин катырып, ичек-кардын көптүрөт, натыйжада мөөнөтүнө жетпей кулун салып коюшу мүмкүн. Бээлердин организми бооз кезинде кальций менен фосфорго өтө муктаж болот. 100 кгтирүүлөй салмактагы бооз бээлердин рационунда 17 г - кальций, 7 г - фосфор жана 25-30 мг каротин болушу шарт. Маал маалы менен буудайдын улпагын (суткасына 0,5 - 1 кг чейин) ботко кылып кайнатып беришет, анткени бул туут алдында коркунуч туудурчу ичи каткандыгынын алдын алат. Катуу тоюттардан чанактуу чөптөрдү дан өсүмдүктөрү менен аралаштырып берген жакшы.

Бээлерди суткасына 4 жолу дайыма бир маалда тоюттандыруу керек. Сутка ичинде тоютту мындайча бөлүштүрүп беришет: чөп (болжол менен бардык тоюттарды теңме-тең) же кечинде эртең мененки жана күндүзгүгө салыштырмалуу биртике көбүрөөк; сабизди - күндүз гана, концентраттарды (улпактар менен бирге) биринчи үч жолкусунда болжол менен бирдей өлчөмдө. Чыктуу тоюттарды концентраттар менен чогуу (улпактар менен) же алардын алдында беришет. Сабиз, кызылча, картошканы жууп-тазалап беришет. Жайыттардагы бээлерди адатта суткасына 2 жолу тоюттандырат - аларды жайытка чыгараарда жана кайра айдап келгенде. Жайытка чыгарарда аларды концентраттар менен тоюндурушса, кечинде - катуу тоют беришет. Кыроо түшкөндө жана көк музда бооз бээлерди сыртка чыгарышпайт, чөптөн кыроо кеткенден кийин жайышат.

Кара жумушка тартынган, кулун эмизген бээлерди тоюттандыруу нормасын 30%ке чейин көбөйтүшөт. Кулундагандан кийинки алгачкы күндөрү бээлерге жакшы дандык чөптөрдү, чырмооктолгон сулуну, буудайдын улпактарын коюураак бышырып берген жакшы (суткасына 2,5 килограммга чейин). Андан кийин сүттүн продуктивдүүлүгүн арттыруучу тоюттар колдонулат. Алардын ичинен мелисса жана көк чөптөр көбүрөөк пайдалуу. Концентраттардын ичинен, сулудан башкасынын, кулунун эмизип жүргөн бээлерге жүгөрү, арпа жана күнжараларды беришет. Рационуна сүттү арбындатуучу чыктуу тоюттарды - сабиз жана кызылчаны кошушат. Минералдык заттардан тамакка кошуучу тузду, ал эми тоюттарда кальций жетишсиз болсо - бор жана фосфор кислоталуу акиташты берүү зарыл.

Кулунун эмизип жүргөн бээлерди суткасына 3 жолу тоюттандырышат, андан тышкары түн ичинде да аларга чөп беришет. Апарды ошондой эле суткасына 3 жолу сугарышат (тоют берер алдында), ал эми жай мезгилинде андан да көбүрөөк сугарууга туура келет. Эгерде бээнин тирүүлөй салмагы түшүп баратса, ал эми кулун начар чоңойсо, анда рационду көбөйтүү талап кылынат. Жайыты жайлуу болсо, кулун эмизген бээлерди кошумча тоюттандырбай койсо деле болот. Чөбү начар жайытта жайылган бээлерге кошумча концентраттарды (1 ден 4 тоют бирдигине чейин) жана чөп (суткасына 2-4 кг) берүүгө туура келет, аны кечинде алар жайыттан кайтканда жана эртең менен жылкыларды жайытка айдап чыгарда беришет.

Жайдын саратан күндөрүндө бээлерди түн ичинде да жайышат; жайында чак түштөгү аптапта аларды кулундары менен бирге үстү жабык чатырларга же атканаларга киргизип коюшат. Эгерде жайыт жетишсиз же такыр эле жок болсо, кулун эмизген бээлерди жаңы чабылган жашыл масса менен тоюттандыруу аракетин көрүү керек. Жаңы туулган кулундар алгачкы айларында тез чоңоюп жетилет. Алардын интенсивдүү өсүп-чоңоюшу жана алгачкы айларындагы жашоосу энесинин сүтүндөгү баалуу азыктарды колдонгондугуна гана байланыштуу. 1 кг тирүүлөй салмактагы кулун 10 кг жакын сүт керектейт. Жаңы туулган кулун алгачкы айларында энесинин эмчегин аябай көп эмет, суткасына бОка чейин жана андан да көп эмет. Андыктан сүт эмген кулундун өсүп-өнүгүүсү көп учурда энесинин сүтүнөн көз каранды болот. Бээнин сүттүүлүгүн арттыруу жана көбөйтүү жолдору аны толук баалуу тоюттандыруу жана эрежеси менен туура багууда экени талашсыз.

Кулунду биринчи 2-3 күндө чакан акырда кармашат, андан соң энеси менен бирге ары-бери кое берип турса болот, анын убактысын уламдан-улам узартып туруу керек. 5-7 күндүк кулундары бар бээлерди чакан топто кармашат, ал эми 10-15 күндүк кулундарды жалпы тубар бээлер үйрүнө кошуп коюшат.

Кулундарга жеңил сиңимдүүазык катары сууга чыланган чырмооктошкон сулу же арпанын улпагын берсе пайдалуу. Адегенде аларга мындай тоютту 200-300 граммдан беришет, андан кийин концентраттардын көлөмүн акырындап көбөйтүп отуруп, энесинен бөлүнгөн учурда кулунга күнүнө 5 кг жакын сулу жана 0Ю5 кг улпак берилет.

Кулундун рационуна витамин-минералдык кошулмаларды, жана ошондой эле А витаминине бай балыктын майын берүү сунушталат. Адам мээримин төгүп бакса, кулун ага тез эле үйүр алышат да, ыкташып, ымалашып калат, бул кулунду андан ары багууда аябай чоң мааниге ээ, айрыкча индивидуалдык тренинг учурунда маанилүү.

Сайтка жарнама жайгаштыруу