Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Борбордук депозитарий

Борбордук депозитарий – айрым мамлекеттерде бүткүл өлкөнүн чегинде баалуу кагаздар боюнча укуктарды жана алар менен аткарымдарды борборлоштуруп эсепке алуучу уюм, андын сырткары, баалуу кагаздардын тастыктамаларын сактайт. Б. д. депозитардык ишмердикти жогорку технологиялык шарттарда баалуу кагаздар менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтарды кыска мөөнөттүн ичинде каттоого мүмкүндүк түзүүчү, кеңири тарамдашкан маалымат тармагын пайдалануу менен ишке ашырат. Б. д-дин болгону баалуу кагаздардын ары-бери кыймылын азайтууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде алардын айлануусун тездетет жана чыгымдарды азайтат. Мындан сырткары, Б. д-дин болгону баалуу кагаздардын жоголуп кетүү тобокелчилигин азайтат жана жасалма чыгарылышын төмөндөтөт. Кээбир мамлекеттерде (м.: Францияда) баалуу кагаздарды Б. д-де депонирлөө алардын фондулук биржа жүгүртүмүнө коё берилишинин сөзсүз милдеттүү шарты болуп саналат. КР Б. д. депозитордук жана аны коштоочу ишмердикти, анын ичинде тизме түзүүнү ишке ашыруучу юридикалык жак болуп саналат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)