Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Боюнда болуу белгилери

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Боюнда болуу белгилери

Боюнда болгондугу тууралуу көптөгөн белгилер бар, боюнда болуу белгилери төмөндөгүдө берилет, жана булардын ар бирин бирден карап чыгабыз.

Мазмуну

Биринчи белгилер ар бир аялга дагы, боюнда болуу учуруна дагы инливилуалдуу. Боюнда болгондо белгилердин бирөөсүн же бир нечесин сезишиңер мүмкүн. Бардык белгилер бир убакта пайда болбойт. Андан тышкары белгилердин жоктугунан дагы сары санаа болуунун кажети жок. Анткени, боюнда болуп эч кандай белгилер болбошу дагы мүмкүн. Белгилер пайда болобу же пайда болбойбу, боюнда болгонду аныктоонун анык каражаты бул боюнда болуу тестин жүргүзүү. Эми белгилерге өтөлү.

Эмбриологиялык бойго бүтүүдөн (негизи 2-жума) кийин АХГ (адамдын хорионикалык гонадотропин гармону, орусча ХГЧ) гормонунун таасири алдында бойго бүтүүнү текшерүүчү сызыкча-тесттер 8-10 сааттан кийин бойго бүтүүнү көрсөтө алат. Бул жерден чаташтырбоо зарыл, эмбриологиялык бойго бүтүү 2 жумалык мезгил, демек 2 жумадан кийин тест көрсөтөт. Дарыгерге 2-3 жумадан кийин көрүнүп УЗИ өтүүгө болот, мындай учурда түйүлдүкдү көрүүгө мүмкүн болгондой болуп чоңоюп калат.

Менструациянын кечигүүсү

Негизи менструациянын кечигиши илимий жактан аныкталбаса дагы боюнда болуунун эң биринчи белгиси деп айтышат. Эгер силерде этек кир өз убагында болбой калса, бул боюнда болуунун физикалык белгиси. Бирок боюнда болуу мезгилинде дагы анча-мынча кан агуулар жана бөлүнүп чыгуулар болот, мындай кырдал урук клетка (яйцеклетка) жатынга имплантация болгондо дагы болошу мүмкүн. Эгер менструация 6 алдан ашык келбей жатса ооруканага кайрылуу керек — бул медицина тили менен айтканда аменорея болушу мүмүкүн. Кокустан менструациянын жок болуп кетишинин көптөгөн себептери болот:

Эгер сиз төшөк кумарына болгон кызыгуу бирде пайда болуп, бирде жок болуп турса анда бул менопаузанын биринчи белгилери (менопауза — жумуртка клеткаларынын функциясы менен шартталуучу акыркы өз алдынча менструация). Кандай гана симптомдор болбосун врач менен кенешүү сунушталат.

Эмчек бездеринин өзгөрүүсү

Боюнда болуу белгилеринин дагы бири эмчектердин көлөмү чоңоюп, оорутушу же сезимталдуу болуп калышы мүмкүн. Эмчектин айланасындагы тамырлар мурдагыга караганда белгилүү болуп, так көрүнүшү менен шартталат. Ареолдор (эмчек учунун айланасы) — өңү каралжын тартып калат.

Алсыроо

Бойго бүткөндө биринчи бир нече жумасында адаттан тышкары чарчоо же алсыроо сезилет. Бул организмде прогестерондун деңгээлинин жогорулашы менен байланыштуу, анткени, ал жатындын былжыр челин бойго бүтүүдө зарыл болгон абалда сактайт.

Токсикоз/таңкы куску келүү

Бойго бүтүүнүн 2 жана 8 жумасында куску келип, кусуу болушу мүмкүн. Шартка ылайык 16 жумадан кийин абал жакшы болуп калат. Таңкы кускунун келиши деп аталганына карабастан, куску келүү күндүн каалаган убагында болушу мүмкүн.

Боюнда барлардын гиперемезиси (кусуу)

Боюнда бар аялдардын жүздөн бирөө гиперемезистен жабыркайт. Негизи гиперемезис биринчи триместрден чыгып (12-13-жума), тамак жегенде дароо эле куску келе берет. Шартка ылайык бул дарыланат, жана абдан оор учурларда гана бойго бүтүүнүн оорчулуктарына алып келет. Көп-көп куску келсе дарыгерге кайрылуу зарыл.

Тез-тез заара чыгаруу

Бойго бүткөндөн 6-8 жумасында аялда тез-тез заара кылуу сезими жаралат. Бул жатын чоңоюп табарсыкка басым кыла баштагандыктан. Биринчи триместрдин аягында жатын ич көңдөйүнө көтөрүлүп, табарсыкка болгон басым жоголот.

Маанайдын тез-тез өзгөрүүсү

Гормоналдык фондун өзгөрүүсү бойго бүтүүнүн эрте мезгилдеринде маанайдын тез-тез өзгөрүүсүнө алып келет. Аял себепсиз эле ыйлашы мүмкүн.

Кайсы бир тамак-ашка талгак жана жыттарга сезимтал болуу

Кээ бир нерселер жакпай калышы мүмкүн: чай, кофе, майлуу тамак, ошону менен бирге аз кабыл алган азыктарга табит пайда болот. Кофе, эт, алкоголдун жыты кускуну келтириши мүмкүн.

Карышуу/тырышуулар

Биринчи триместрде, кээде кечирээк бут жана согончок оорушу мүмкүн. Бул организмдин кальцийди сиңирүүнүн өзгөрүү ыкмасынан.

Кошумча маалыматтар

Боюнда болуунун экинчи жарымында көпчүлүк аялдардын бел ооруйт. Көбүн эсе бул организмдеги физиологиялык өзгөрүүлөрдөн улам жаралып, дене абалын өзгөртүүдө жана ыңгайлуу позаны табууда өтүп кетет.

Бир жолу корголбогон жыныстык катнашта болгондо да боюнда болуп калуу толук мүмкүн, ал гана эмес, жыныстык катнаш биринчи жолу болгондо да, анткени, кыздык чел (орусча девственная плева) жыныстык катнаш учурунда бузулат.

УЗИ (Ультра Үндүк Изилдөө) жүргүзүүдө жумшак ткандардын температурасынын көтөрүлүшү менен коштолот, ал эми бир саат ичиндеги ультра үндүн таасири температураны 2-5 °C жогорулатышы мүмкүн. Бирок көбүн эсе мунун түйүлдүккө жана энеге зыяны жок. Гипертермия болсо тератогендик фактор болуп, белгилүү бир шарттарда гана түйүлдүктүн өнүгүүсүнүн аномалияларын чакырат. Бирок мындай учурлар өтө сейрек.

Тамак-ашка табит жок болуп көпкө чейин тамактанбоо түйүлдүктүн өнүгүүсүнө зыян келтириши ыктымал. Ушуга байланыштуу, табит жок болуп же кусуу сезимдери болуп жатса дарыгерге көрүнүү зарыл.

Боюнда болуу мезгилинде жатындын көлөмү чоңоюп, бардык булчуңдар жана байламталар чоюлат. Андан тышкары кичи жамбаш сөөктүн органдары жылышат. Мунун баары курсактын оорушуна алып келиши мүмкүн.

Суроолоруңар болсо, жазып тургула, жеке билдирүү менен жооп берип турабыз.

Жайгаштыруу: 2017-09-18, Көрүүлөр: 116783, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-07-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу