Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

бозойдун ыры

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | бозойдун ыры

Созу элдики

Обону А. Бедияровдуку

Бозоргон тоонун этеги,

Бозоруп туман кетеби.

Ботокоз анда мен мында э-эй,

Боздосом унум,

Зарласам унум,

Мункансам унум жетеби.

Карарган тоонун этеги,

Карарып туман кетеби.

Каракоз анда мен мында, э-эй,

Какшасам унум,

Кайгырсам унум,

Кыйкырсам унум жетеби.

Сай боюнда четинсин,

Сулуу бир келин экенсин.

Сулуу бир бойдон журо бер э-эй,

Суктансам келбейт,

Сурансам келбейт,

Сыздасам сезбейт экенсин.

Кол боюнда четинсин,

Коркомдуу келин экенсин.

Коркомдуу бойдон журо бер э-эй,

Коз кыссам келбейт,

Ымдасам келбейт,

Ырдасам келбейт экенсин.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 3672, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу