Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бруцеллез

Баш барак | Ветеринария | Бруцеллез

Малдын бардык турун ылаңдатып, көчүлүк убактарда абортко чалдыктырып жана өнөкөт формада өтүүчү жугуштуу ылаң. Адам үчүн бруцеллез өтө коркунучтуу.

Ылаңдаткычы. Эң майда, таякча түрүндөгү микроб. Бруцелла тукумунда бактериялардын 6 түрү бар. Бодону, кой-эчкини, чочкону, кочкорлорду, иттерди, келемиштерди ылаңдатат. Ылаңдаткычтын бардык түрлөрү айлана-чөйрөдө бир кыйла туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Алар жер кыртышында 72 күнгө, сүттө 45 күнгө, этте 20 күнгө, койдун жүнүндө 7 айга, сууда 150 күнгө чейин ылаң козгоочу жөндөмдүүлүгүн сактай алышат. Бирок жогорку температурага туруктуулугу начар, 60 градуста 30 минутада, 70 градуста 5-10 минутада, 90 градустан жогору 3-4 мүнөттө, крелиндин, фенолдун, формальдегиддин %дуу эритмелери 1 саатта 5%дуу өчүрүлгөн акиташ 2 саатта жугушсуздандырат. Инфекциянын козгогучунун булагы – бруцеллез менен ылаңдаган мал. Ылаңдуу малдын организминен козгогуч көп санда сыртка чарайна суулары, аборт болгон күмөн чөбү жана жыныс органдарынан аккан суюктуктар аркылуу бөлүнүп чыгат. Бруцеллалар менен булганган продуктулар, ылаңдуу жаныбарлардын сырьелору, тоют, төшөлмө, топурак, шаймандар , малчылардын кийимдери ылаңды таратуучу негизги факторлор болуп эсептелет.

Патогенези. Ылаңдын өнүгүшү жаныбарлардын физиологиялык абалына, жалпы иммундук реактивдүүлүгүнө, козгогучтун вируленттүүлүгүнө, организмге кирген, ылаңдаган малды багуу шартына жараша болот.

Клиникалык белгилери. Инкубациялык мезгили 2-4 жумага созулат. Ылаңдаган малдын арасында бооздору болбосо, ылаң билинбеген түрүндө өтөт. Мындайда ылаң аллергиялык ыкмалардын жардамы менен гана аныкталат. Бруцеллез менен ылаңдаган бооз малдардын бардык түрлөрүндө аборт бооздуктун экинчи жарымында болушу менен мүнөздөлөт. Уйлар көбүнчө 5-8 айлыгында, кой-эчкилер 3-5 айлыгында, музоо, козу салышат, иттер 40-50 күндө абортко чалдыгышат. Аборт болоорго 1-2 күн калганда ургаачы малдын желиндери көөп, көлөмү чоңойот, сыркы жыныс органдары шишимик тартып коңулунан күрөң-кызгылт былжыр суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Абортко дуушар болгон малдын чөбү көп учурларда өз убагында түшпөйт, жатыны сезгенет, дарт күч алганда муундары шишип, жатып турганда онтойт, температурасы көтөтүлөт, сүтү азаят, арыктайт. Жыныс органдары сезгенген мал көп учурда кысыр калат. Бруцеллезго чалдыккан эркек малдарда орхит эпидимит байкалат. Жылкылардын желкесинде жана сээринде, бодонун буттарында бирситтер байкалат.

Паталогиялык өзгөрүүлөр. Бруцеллездо патанатомиялык өзгөрүүлөр анчалык мүнөздүү болбойт. Абортко чалдыккан малдарда кээде катардуу-ириңдүү метрит, бөйрөктүн, көк боордун (абсцесстер) жабыркашы байкалат. Эркек малдарда ириңдуу-некроздуу орхит (эркектин энектик сезгениши), ургаачы малдарда мастит, оофорит, көпчүлүк учурларда жарга чалдыгып бурситтер кездешет.

Диагнозу. Эпизоотиялык маалыматтардын, клиникалык белгилердин, патанатомиялык өзгөрүүлөрдүн, аллергиялык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Ал эми бактериологиялык изилдөөлөр массалык түрдө аборт болгондо же малда бруцеллезго күмөн болгон белгилер (бурсит, гигрома, архит, эпидидимит) көп кездешкенде жүргүзүлөт.

Серологиялык изилдөөлөр. Малдардын бруцеллезуна каршы массалык түрдө профилактикалык жана диагностикалык иш чараларды жүргүзгөндө РА, РСК жана РДСК ыкмалары колдонулат. Булардан тышкары РБП (роз бенгал проба) жана уйдун сүтү менен шакекче (КР) жүргүзүлөт.

Профилактикалык иш чаралар. Короо-сарайларды пландуу түрдө жаз - күз дезинфекциялоо. Малдарды өз маалында вакцинациялоо. Сырттан келген жаңы малдарды карантинге кармоо. Өздүк гигиенаны сактоо.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1189, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу