Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Бухара газли нефть-газ району

Бухара газли нефть-газ району – Өзбекстандын батыш бөлүгүндө нефть-газ кендери жайгашкан ири аймак. Кен Аму-Дарыя өрөөнүндө, мезозой заманында жаралган чөкмө тоо тектерде жатат. Арасында мергель катмарлары бар акиташтектеринде нефть менен газ топтолгон. Нефть, газ кендери: Газли, Шорчи, Акжар, Жаркак, Кароолбазар, Сарыташ, Зекры, Шордөбө, Түндүк Мубарек, Түштүк Мубарек, Карабапр, Карактай жана башка Алардын ичинен ириси Газли нефть-газ кени. Андагы газ запасы 500 млрд м3, нефтиники 5 млн тоннага жакын. Кендерден чыккан нефтиден жогорку сапаттуу керосин, дизель майы, реактивдүү отун (Шор-Дөбө, Түштүк Мубарек) алынат. Райондун газы Урал, Түштүк Казакстан, КМШнын борбордук бөлүгүнө Бухара Урал Борбор газ кууру, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстанга Бухара Ташкен Бишкек Алматы газ кууру аркылуу жиберилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)