Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Букачар мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Букачар мырзалар

Букачар белгисинде төрөлгөн мырзалар өзгөчө сезимталдуу адамдардын катарына кирет. Бул романтикалуу зодиак белгисинин өкүлү өзүнө жетишээрлик деңгээлде сезимталдуулук, шашпагандыкты жана сактыкты бирдей камтыйт. Булар өз пассиясын көп убакытка чейин карай бериши мүмкүн, бирок эгер, өз тандоосун кимдир бирөөндө токтотсо, анда булар сүйүү үчүн зор эрдиктерге даяр. Типтүү Букачарлар өз пассиясын гүлдөр жана белектер менен үймөктөп, айлуу түндө сейилдөөлөрдү уюштуруп, өзү каалаган жыйынтыкка жетмейинче, ар түрдүү романтикалык кездешүүлөрдү жасай бермекчи. Назик жана көңүл куштуу, ошол эле убакта эптүү жана кичине жайыраак келип, өзү тандаган түгөйүнө бакытты жана сүйүүнү тартуулоого мүмкүндүгү толук жетет.



Букачарлар үчүн үй-бүлөө бул алардын чеби. Букачар-мырзалар мыкты күйөө жана өзгөчө камкордуу ата. Өзгөчө мындай аталар кыздарына абдан назик мамиле жасап, өмүр бою колуна көтөрүп жүрүүгө даяр. Ал эми тартиптүүлүктү болсо булар жетишээрлик бекем жана катуу кармайт.



Букачар-мырзалардын жоомарттыгы аялынын эч нерседен кем кылбай, бардык каалоолорун жана эркеликтерин канааттандыра алат. Булар короткон акчасы үчүн сейрек өкүнөт, бирок ошого карабастан эртенки күндүн жана келечек жашоонун ишеничин жоготпоо үчүн, мындай нерселерге эптүүлүк менен мамиле жасоого аракет кылат.



Жумушта көп эмгектенип, үйдө тескерисинче жалкоо болуп, чарчаганынан кээде чыдамдуулукту кетирет. Чоң конокторго ийимдүү болуп, Букачар-мырзалар дайыма өз үйүндөгү жайлуулукту жана тынчтыкты сүйгөн, меймандос кожоюн болот. Булар кежир адамдар, бирок булардын кежирдиги чыдамдуулук менен эшилип, бул сапаттар Букачар-мырзаларды өзгөчө күчтүү жана кайраттуу кылат.



Бул мырзалар өз түгөйүнө жомок жашоосунун ачык кызыл көз айнегин кийгизип, аба сепилдерин тургузбайт, андан көрө булар акыл-ой менен таразаланган, чечкиндүү иш-аракеттер менен жана татыктуу жыйынтыктар менен бардыгын тастыкташат. Бул мырзалар көз алдыда түстүү боёктор менен боёлгон буллуттарга эмес, чыныгы баалуктарга муктаж болгон айымдарга арналган.



Букачар-мырзалар кемсинтүүлөргө жана өз дарегине болгон тастыкталбаган тамаша-мыскылдарга эч качан чыдабайт. Булар абдан чыдамдуу, бирок андайларды көтөрө албайт, көтөрсө да, абдан оор көтөрөт. Булар эркиндикти жакшы көрүшөт, ошондуктан өзүнүн толук берилгендигине карабастан, өздүк мейкиндикке муктаж болушат. Өз натурасынын туруктуулугун баалап, булар эч качан ага кол салууга мүмкүндүк бербейт.



Эгер Букачарлардын жашоосунун финансылык жагы жөнүндө сүйлөшсөк, бул жаатта тынчсыздануунун кереги жок. Бул иштерман мырзалар оор кырдаалдардан чыгууну жана жакшы акча тапканды билишет.



Букачар-мырзалар абдан берилген сүйүүчүлөр, бирок булар эч качан өз сүйүүсү үчүн бироо менен тең-тайлашып, сүйүүсүн бироолор менен болушуп, компромисстерге барбайт. Мындай мырзалар сүйүүдөгү алмаштырууларды жана алдамчылыктарды кечирбейт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 2454, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу