Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Букачар жана букачар

Баш барак | Гороскоп | Букачар жана букачар

Эки тынч мүнөз, ишенимдүү жана жоош адамдардан турган түгөйлөр жөнүндө эмне айтсак болот? Кимдир бирөөнө балким мындай биримдик зээриктирме көрүнүшү мүмкүн. Бирок Букачарлардын өзүнө андай болбойт. Булар бири-бирине жетишээрлик деңгээлде жайлуу келет. Бири-бирин эң жакшы түшүнүп, өнөктөшүнүн каалоолорун жарым сөздөн эле билишет.



Букачарлар үчүн жашоонун материалдык аспектилери маанилүү ролду ойнойт, ошондуктан өз күч-кубатынын негизги бөлүгүн жумушка сарптайт. Эгер Букачардан экөө болсо, анда булар бир арабаны кубануу менен гана бирге сүйрөшөт. Буларга жашоонун өлчөмдүүлүгү, эртеңки күндүн ишеничи болот, а мындайды Букачарлар абдан баалашат.



Букачар түгөйүндөгү мамилелер, шартка ылайык, иш жаатында, эптүүлүк менен түптөлгөн. Көп учурда мындай мамилелер узак мөөнөттүү жана туруктуу. Жана бул сезимдердин тереңдигинен эмес, бир нерсени өзгөртүүнү жактырбоодон болот.



Букачар үчүн үй-бүлөө биринчи орунда. Мүмкүндүк болсо булар өзүнүн жайлуу үйүнөн такыр чыкмак эмес! Бирок мындай мамиле өтө жакшы эмес, анткени, бир орунда турганда, өркүндөөгө мүмкүндүк аз болот. Ошон үчүн Букачарлар өзгөрүүлөрдү жактырбай, көнгөн нерселеринин иретин жана иштердин такталган тизмесин каалап, өзгөрүүлөргө умтулбайт. Өзүнүн ыңгайлуу дүйнөчөсүн жаңы өзгөрүш шамаалынын кирип кетүүсүнөн коруп, Букачарлар аны жеңилерлик кылат.



Эки Букачарлардын мамилелери башкы негизде көнгөн адаттарында курулат. Биримдикте булар ынтымактуу болуп, мамилелери көп чыңалбайт, булар бири-бирине көнүп алышат. Анан бирдемени өзгөртүп не кереги бар? эгер ансыз деле жакшы болсо? Букачарлар кежир келип, инерцияга жараша ой-жүгүртүп, иш-аракет кылышат, жана эч кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү каалашпайт.



Түштүк жылдыздар төлгөсү булардын мамилелерин жандандырып, булардын биримдигин жаны боёкторго боёйт, бирок ошол эле убакта, кошумча түйшүктөрдү да алып келиши мүмкүн. Букачарлардын үй-бүлөөсүндө наристенин пайда болушу ушундай сыяктуу эле болушу мүмкүн, балдар булардын жашоосуна жаңы жакшы сезимдерди алып келиши мүмкүн, жана тескерисинче ажырашуунун себеби болушу мүмкүн.



Эгер кандайдыр бир себептер менен Букачарлар бири-бири менен урушуп кетсе, анда буларды кайра элдештирүү абдан оор болот. Бул эки кежирлер элдешүүгө эч кимиси биринчи кадам жасагысы келбейт.



Бирок, айтып коюуу керек, Букачарлар өзүнүн катачылыктарын анализдеп, тиешелүү жыйынтык чыгарууга ийимдүү. Жана булардын жанында өзүнө окшогон күзгүнүн болушу, бул өзүн өзү өркүндөтүүгө жакшы шарт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1139, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу