Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

булбулум

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | булбулум

Созу, обону Э. Иманалиевдики

Ак кечте, ар танда боздоп сайрап,

Азгырып, сезимди козгоп сайрап.

Бир булбул буулугуп келет кундо,

Биз журчу алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып куугум калган,

Ар шакта алмадай суйуум калган.

Ал суйуум булбулга айланганбы,

Ашыгын издеген урул тандан.

Кайырма:

Ии, ии, булбулум, булбулум ай,

Буулуккан кургурум ай,

Бул кечте унун, баспай буулуктун,

Неге мынча булбулум ай.

Жашайсын, жаш булбул токтобогон,

Жашоодо жан жок боздобогон.

Жашаймын коп эстеп ал кундорду,

Жаштыгым жаштыкка окшобогон.

Кайырма:

Ии, ии, булбулум, булбулум ай,

Буулуккан кургурум ай,

Бул кечте унун баспай буулуктун,

Неге мынча булбулум ай.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 875, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо