Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Булчуңдардын түйүлүшү

Булчуңдардын түйүлүшү — булчуңдардын капысынан эрксиз жыйрылышы. Нерв системасынын ооруларында (талма, селейме, невроздор), ууланганда, зат алмашуу жана ички секреция бездеринин иши бузулганда болот. Себептерине жараша капысынан кармайт же мезгили менен кайталанып турат. Кээ бир оорулууларды чочутканда (капысынан катуу үн чыкканда; ийне менен сайганда), терең дем алганда, өтө ысык бөлмөдө, ичкиликти көп ичкенде булчуңдар түйүлөт. Ал бир аз убакытка созулат, көбүнчө катуу ооруйт. Дени соо киши көп басканда, ошондой эле сууда сүзгөндө көбүнчө балтыр булчуңдары түйүлөт. Басып жүргөндө булчуң түйүлсө, бир кол менен буттун кетменин кыймылдатып, ошол мезгилде экинчи кол менен балтыр булчуңду өйдө-ылдый сылоо керек. Отурганда же жатканда булчуң түйүлсө, тез ошол буттун таманын жерге текши тийгизип туруу оң. Булчуңу көп түйүлгөн кишиге алыска сүзүүгө болбойт. Жалпы булчуңдар түйүлгөн приступта (мисалы, талма) киши эстен танып жыгылып калышы мүмкүн.

Бул убакта тезинен врач чакыруу зарыл. Врач келгенче оорулуу бир жерин кокустатып албасын үчүн кармап туруу, башына жумшак нерсе төшөп жана тилин чайнап албасын үчүн оозуна кашыкты чүпүрөккө ороп тиштин ортосуна коюу сунуш кылынат. Б. т. — демейде оорунун белгиси, андыктан врачка кайрылып, себебин табуу жана дарылоо керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)