Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Булут, топон суу жана кар жөнүндө

Баш барак | Жомок уламыштар | Булут, топон суу жана кар жөнүндө

...Булут көктө кичи перинин кайтаруусунда болот имиш. Кичи пери колуна камчы алып, булуттарды туш-тушка кубалаганда жаан жаайт имиш. Перинин каарланып ачуулуу кыйкырышынан күн күркүрөйт дейт.

...Булут жандуу болот экен. Ал белгилүү бир ээн жердеги дайранын боюна түшүп, суу ичип чыгып анан күн жаадырат экен. ...Кара булуттар “бооз булут” болот имиш, ал белгилүү жерге чидерип барып “тууйт” (жаайт) экен. Эгер удаасы менен нече күндөп жааса “булут бала салат” экен. Бул мифтик баян табияттын кубулушу болгон жаан жааш, күн күркүрөөнүн сырларын чечүүгө баам коюп, аны көркөм наристе элестетип, булутту жандуу образ катары сүрөттөгөн.



Топон сууЖараткандын каары менен жер бетин бүт “топон суу” каптап кетет да, “топон суу” оюп аккан жерлер өрөөн, капчыгай болуп жаралыптыр да, арсайган тоолор көтөрүлүп чыгыптыр. Ошондо жер бетинде жан-жаныбарлар калбай калмак болгондо Нух пайгамбар ар бир жан-жаныбардын тукумунан бир жуптан алып, кайык менен деңизге алып кетип куткарып калган имиш. Кар жөнүндөКар илгери эмки турпатындагыдай “кар” эмес экен. Ал асмандан ун болуп түшчү экен. Адамдар аны керектөөсүнө карай алып, ээн-эркин тамак-ашына пайдалана берчү экен. Күндөрдүн биринде, бир аял жупка жайып жатса, баласы чычып булганып алат. Алдастаган аял баланын көчүгүн жупка менен аарчып ыргыткан экен. Ал кесирине Жараткан каарданып: “Мээнет кылып эгин экпеген унду ынсанат кар кылат экен”, - деп көктөн андан ары ун түшпөй, кар түшмө кылып коюптур. “Кар” сөзүнүн кыргыз тилиндеги мааниси “асырабоо, кадырлабоо, коромжу кылуу” деген маанилерди берет.



Кар жөнүндөгү бул мифтик баян табият кубулушу болгон кардын пайда болушуна наристе баам жүгүртүп, акты, унду инсанат каралбоосу керек экенин көркөм элес менен түшүндүргөн.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1243, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу